Миңдеген адамдын дартына даба тапкан Миталип Мамытов. Нейрохирургдун сүрөттөрү

Бүгүн атактуу нейрохирург, КРдин Баатыры Миталип Мамытовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 84 жаштагы профессордун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Миталип Мамытов 1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келип, бир жашында согушка кеткен атасынан айрылып, апасынын колунда өскөн. Мектепти аяктаган соң Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайды, борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун артыкчылык менен бүтүргөн. Дарыгер оорукананын бөлүм башчысы, кафедра жетекчиси болуп эмгектенип 33 жашында Ленинградда кандидаттыгын, 48 жашында Киевде докторлугун жактаган. КРдин эмгек сиңирген дарыгери 60 жылдык эмгек жолунда 15 миңден ашык адамдын мээсине операция жасаганга үлгүргөн.
Мамытов 280ден ашык илимий иштин, 8 ойлоп табуунун, 22 рационалдык сунуштун автору. 84 жаштагы профессор азыр да бейтаптарды кабыл алып, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп келет.
1 / 15

Билимге суусаган Миталип эки ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган

2 / 15

Студенттик жылдар. Нейрохирург келинчеги менен

3 / 15

Мамытов Кыргызстанда адамдын мээсине операция жасаган саналуу профессорлордун бири

4 / 15

Ал илимий даражаларын Россия менен Украинада коргогон

5 / 15

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги эл аралык иш-чарада чет элдик кесиптештери менен

6 / 15

КРдин Баатырлары Миталип Мамытов менен космонавт Салижан Шарипов

7 / 15

Кезинде нейрохирург бир күндө жети операцияга чейин жасачу

8 / 15

Миталип Мамытов жубайы менен курсташ, кесиптеш болгон. Экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Алар да ата-энесинин жолу менен кеткен

9 / 15

III даражадагы Манас орденинин кавалери бир топ илимдин кандидаты, докторлорун өстүрдү

10 / 15

Замандаштар. Нейрохирургду колтуктаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов

11 / 15

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери 15 миңден ашык операция жасаган. 84 жаштагы нейрохирург азыркыга чейин бейтаптарды кабыл алат

12 / 15

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 2011-жылы "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине татып, КР Баатыры болгон

13 / 15

Улуттук госпиталда эмгектенген залкар инсан Кыргызстандын нейрохирургдар ассоциациясынын президенти

14 / 15

Академик көп жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана нейрохирургия бөлүмүн жетектеп, жаш адистерди тарбиялап келет

15 / 15
Нейрохирург, Герой КР, академик НАН КР Миталип Мамытов является членом Президиума Ассоциации нейрохирургов Узбекистана, Казахстана, России, Белоруссии, Украины, Турции и Америки.
Тема боюнча:
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
42 жашында өлкө башына келген. Турдакун Усубалиевди эскерген сүрөт баян
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү