Толгонай, Асел, Сейде... Айтматовдун каармандары театр сахнасында

Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу калемгердин сахналаштырылган чыгармаларындагы сүрөттөрдү сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун эмгектеринин көпчүлүгү ар кыл тилде дүйнөнүн булуң-бурчундагы театрларда коюлган. Алсак, "Кыямат" романы жарыяланары менен эле Москва эксперименталдык театр студиясында, Москвадагы "Современник" театрында, Бишкектеги орус драма театрында, Нарындагы музыкалык драма театрында көрүүчүлөргө сунушталган. Жазуучунун атагын алыска тааныткан "Жамийла" повести да сахналаштырылып, 1961-жылы "Жамийла" операсы да тартууланган.
Айтматовдун "Саманчынын жолу" повести 1964-жылы Москвадагы Станиславский атындагы драма театрында коюлуп, ал спектакль менен труппа дүйнөнүн көптөгөн шаарларын кыдырган. Кыргыздар даярдаган спектакль 1965-жылы Кремль театрында көрсөтүлгөн. Андан сырткары, чыгарманын негизинде Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жамааты иштеп чыккан балет-оратория 1976-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ошондой эле "Делбирим" повестинин негизинде композитор Владимир Власов "Асел" балетин жазып, бет ачары Чоң театрда өткөн.
Ал эми "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повести боюнча Ош кыргыз драма театры койгон спектакль 1982-жылы Тбилисидеги жалпы союздук театр фестивалында лаурет аталган. Кыргыз эл жазуучусунун "Фудзиямадагы кадыр түнү" көпкө чейин СССРдеги атактуу театрлардын репертуарынан түшпөй, дүйнөнү түрө кыдырган. 1975-жылы СССР менен "кансыз согушта" каршылашып жүргөн АКШнын Вашингтон шаарындагы "Арена стейдж" театрында көрсөтүлгөн биринчи советтик пьеса атыккан.
Тема боюнча:
Октябрь революциясынан кийинки элдин деми. Кылым карыткан сүрөттөр
Кыргыз кино өнөрүнүн алптарынын, залкарларынын, генийлеринин кызыктуу сүрөттөрү
Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр