Болот Миңжылкыевдин музасы Рейна Чокоева 85 жашта. Балеринанын сүрөттөрү

Быйыл КР эл артисти, белгилүү балерина Рейна Чокоеванын 85 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсандын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Рейна Чокоева 1938-жылы 13-июлда Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек айылында жарык дүйнөгө келип, үч жашында ата-энеси менен борбор калаага келген. Кичинекей чүрпө согуш жылдарында Ленинграддан көчүп келген хореограф мугалимден сабак алып бий дүйнөсүнө аралашкан. Тогуз жашында сиңдиси экөө сынактан өтүп кетип, Ленинград шаарына билим алганы кетет. Өспүрүм кыз жакындарынан алыс, мекенин сагынып тогуз жыл окуган. 1956-жылы жогорку окуу жайды аяктап келип, Опера жана балет театрына кабыл алынган.
III даражадагы Манас орденинин кавалери сахнада 25 жыл болуп, улуттук балетти дүйнөгө тааныткан. Ал эми 1981-жылы "Жизелди" бийлеп балеттен биротоло кеткен. Кийин Бишкектеги хореографиялык мектепти көп жыл жетектеп, бир топ жаштарды тарбиялаган. 85 жаштагы Рейна Чокоева азыр ардактуу эс алууда.
1 / 14

Ленинград хореографиялык окуу жайынын студенти болуп жүргөн жылдар

2 / 14

"Ак куу көлү" балетинде бийлеген студент кыз. Ленинград шаары, 1955-жыл

3 / 14

Опера жана балет театрындагы репетиция. Бүбүсара Бейшеналиеванын артында турган Рейна Чокоева

4 / 14

Балерина "Чолпон" тасмасында. 1959-жыл

5 / 14

Театрдын сахнасында даярдык көргөн Уран Сарбагышев менен Рейна Чокоева

6 / 14

Кыргыз ССРинин эл артисттери, белгилүү балерина Рейна Чокоева менен залкар дирижёр Калый Молдобасанов. Фрунзе шаары, 1975-жыл

7 / 14

Канадага гастролдоп барган кыргыз маданиятынын өкүлдөрү. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, андан кийин балерина Рейна Чокоева, ырчы Ирина Деркембаева, Самара Токтакунова.

8 / 14

Индиялык кесиптештери менен маектешкен Рейна Чокоева

9 / 14

Чыгармачыл жубайлар: СССРдин эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыев менен Рейна Чокоева узак убакыт бирге түтүн булаткан. Сүрөттө уулу Мирад үчөө

10 / 14

Рейна Чокоева кыргыз балет өнөрүн далайга чейин таанытып, өмүрүн балетке арнаган

11 / 14

Балерина сахнадан кеткенден кийин мугалимдик менен алектенип, Бишкекте хореографиялык мектепти жетектеген

12 / 14

Кыргыз балет өнөрүнүн чолпон жылдыздары Рейна Чокоева жана Айсулуу Токомбаева замандаштары менен

13 / 14

III даражадагы Манас орденинин кавалери Рейна Чокоева легендарлуу министр Күлүйпа Кондучалова менен

14 / 14

85 жаштагы таланттуу инсандын юбилейи быйыл жогорку деңгээлде белгиленүүдө

Тема боюнча:
Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Сахнадагы 50 жыл. Таланттуу актриса Назира Мамбетованын сүрөттөрү
Айтматов чыгармачылыгын жогору баалаган. Саламат Садыкованын сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү