Москвада 65 жыл мурун даңазаланган кыргыз маданияты. Декададагы сейрек сүрөттөр

Мындан 65 жыл мурун Москвада кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы өткөн. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол маданий иш-чараны чагылдырган сүрөт түрмөк сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы 1958-жылы 14-октябрдан 25-октябрга чейин Москвада өткөн. Ага кыргыз жергесинен улуттук маданиятты даңазалаган акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, театр кызматкерлери катышып, делегацияны кызматка жаңы дайындалган Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова жетектеп барган.
КР эл артисти, белгилүү композитор, дирижер Сардарбек Жумалиевдин айтымында, маданий ишмерлерди жергиликтүүлөр абдан жакшы кабыл алган.
"17 жашта болчумун. Музыканттар жетишпей, мен эл аспаптар оркестрине кабыл алынган элем. Декадага бир топ залкарлар барган. Москвага поезд менен жеткенбиз. Мамлекет башындагылар Исхак Раззаков, Казы Дыйканбаев Москвага жолго чыгар алдында даярдыгыбызды көрүп, Опера жана балет театрында жыйынтыктоочу концертибизге күбө болгон. Ага чейин Раззаков кийим-кечеңер жакшы болсун деп ар бирибизге көйнөк тиктирип берген. Маданият министри Күлүйпа Кондучалова бизге жакшы көңүл буруп, дайыма баш-көз болуп жүрчү. Москвалыктар бизди жакшы кабыл алып, эл аспаптар оркестри он күн катары менен мекемелерди кыдырып концерт койгонбуз", — деди Жумалиев.
Декадага 1000ден ашык кыргызстандык катышып, маданий иш-чаралар он күнгө созулуп жогорку деңгээлде өткөн. Чыгармачыл инсандар "Токтогул" операсын, "Чолпон", "Анара" балеттерин, "Саринжи-Бөкөй", "Курманбек" драмасын, "Тар капчыгай" пьесасын сахнага койгон. Соңунда айрым маданият кызматкерлери жогорку сыйлыктарга татыган. Алсак, актер Муратбек Рыскулов, балерина Бүбүсара Бейшеналиева, опера ырчысы Сайра Кийизбаева СССРдин эл артисти болгон.
1 / 17

Маданият өкүлдөрү Москвага бир нече күндө поезд менен жеткен. Сүрөттө: Аманбек Куттубаев, Виктор Винников, Токтосун Тыныбеков.

2 / 17

Кыргызстандан баргандарды москвалыктар Казань вокзалынан кучак жая тосуп алган

3 / 17

Опера жана балет театрында иштегендер Москвадагы театрда "Анар" балетин койгон

4 / 17

Комузун колуна алып москвалыктардын алдында шаңшыган Осмонкул Бөлөбалаев менен Алымкул Үсөнбаев

5 / 17

Кыргыз элинин каймактары: балетмейстер Уран Сарбагышев, опера ырчысы Мариям Махмутова, маданият министри Күлүйпа Кондучалова, СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева жана атактуу советтик композитор Тихон Хренников. Москва шаары, 1958-жыл.

6 / 17

Көрүүчүлөрдүн алдына чыккан эл аспаптар оркестри менен комузчулар ансамбли

7 / 17

Декаданын алкагында коюлган спектакль, балет, концерттерге көрүүчүлөр арбын келген

8 / 17

Декадага даярданып Фрунзе шаарында репетиция кылган артисттер

9 / 17

Москванын четиндеги Яхрома шаарына концерт койгону барган кыргыз жаштары

10 / 17

Солдон оңду көздөй СССРдин эл артисттери: Сайра Кийизбаева, Ашыраалы Боталиев, Бакен Кыдыкеева

11 / 17

Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын Борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомунов. Москва шаары, 1958-жыл.

12 / 17

Москва шаарындагы ипподромдо ат чаптырган кыргыздын кыз-келиндери. Декаданын программасында ат оюндары да бар болчу.

13 / 17

Солдон оңду карай: бала көтөрүп турган хор дирижеру Чанай Жумаканов, белгилүү комузчу Ыбырай Туманов, ырчы Мыскал Өмүрканова, композитор Карамолдо Орозов, актриса Алиман Жангорозова жана улуу манасчы Саякбай Каралаев. Декададагы дагы бир кызыктуу сүрөт.

14 / 17

Декада катышуучулары маданий мекемелерден сырткары завод-фабрика, колхоз-совхоздорго чейин концерт коюп барган

15 / 17

Экинчи декаданын катышуучулары. Солдон оңду көздөй: Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев. Москва шаары, 1958-жыл.

16 / 17

СССРдин эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева, так ортодо турган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин президиумунун төрагасы Төрөбай Кулатов

17 / 17

Москвадан сыйлык алып келген төкмө акын Молдобасан Мусулманкулов жана оң жакта турган жаш композитор Калый Молдобасанов

Тема боюнча:
Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү
Геннадий Базаров 30 жашында тарткан. "Көчөдөгү" кызыктуу сүрөттөр
Берекелүү күздөгү эмгек. Мээнеткеч элеттиктердин эски сүрөттөрү
Советтик Кыргызстандан чыккан товар Германияга сатылган. Архивдик сүрөттөр