Кыргыздын карлыгач актрисасы... Бакен Кыдыкееванын сейрек сүрөттөрү

Бүгүн СССРдин эл артисти, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 100 жылдыгы белгиленип жаткан сахна жылдызынын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыкка жакын өспүрүм 13 жашында борбор калаадагы Жаш көрүүчүлөр театрында сахнага чыгып, кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасында башкы ролду аткарган.
Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты андан соң Ысык-Көл, Нарын облусундагы театрларда иштеп, Кыргыз драма театрында узак жыл эмгектенип, сахнада, кинодо жүздөгөн образ жараткан. СССРдин эл артисти 30 жыл мурун 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.
1 / 15

Бакен Кыдыкеева жогорку билими жок эле 13 жашында сахнага чыккан

2 / 15

Кыргыз улуттук драма театрынын сахнасында коюлган "Анна Каренина" спектаклинде образ жараткан Бакен Кыдыкеева менен Алмасбек Усупбеков. Фрунзе шаары, 1960-жыл

3 / 15

"Бетме-бет" спектаклинде СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева Сейденин, Советбек Жумадылов айылдык кеңештин төрагасы Мырзакулдун образында. 1961-жыл

4 / 15

Шекспирдин "Король Лир" спектаклинде актриса Гонерильянын образында залкарлар менен. 1967-жыл

5 / 15

Драматург Токтоболот Абдумомунов менен актриса Бакен Кыдыкеева. Фрунзе шаары, 1978-жыл

6 / 15

Студенттер менен жолугушууга келген сахна жылдыздары Бакен Кыдыкеева, Сабира Күмүшалиева. 1978-жыл

7 / 15

Кинорежиссёр Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында роль жараткан Гүлмира Коңгурбаева, Бакен Кыдыкеева, Болот Бейшеналиев

8 / 15

Спектаклден кийин көрүүчүлөр менен амандашкан СССРдин эл артисти. Фрунзе шаары, 1980-жыл

9 / 15

"Саманчынын жолу" кинокартинасын тартуу учурундагы бир эпизод

10 / 15

Аалы Токомбаевдин чыгармасынын негизинде сахнага коюлган "Өлбөстүн үрөнү" спектаклинде актриса Айганыштын образында

11 / 15

Таланттуу актриса театрдан сырткары киночулар менен да кызматташып, бир топ тасмаларда роль аткарган. Сүрөттө ал Үсөнжан Ибрагимовдун "Айсулуунун талаасы" тасмасында

12 / 15

Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү тестиер бала кийин кино өнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн

13 / 15

Кинорежиссёр Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасындагы бир эпизод. Ош облусу, 1972-жыл

14 / 15

СССРдин эл артисти тажикстандык кесиптештери менен аэропортто. Фрунзе шаары, 1976-жыл

15 / 15

Кыргыз драма театрында көп жыл бою эмгектенген залкар актриса 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган

Тема боюнча:
АКШ, Европанын театрлары кызыккан. Алтын үндүү Керим Тураповдун сүрөттөрү
Айтматов чыгармачылыгын жогору баалаган. Саламат Садыкованын сүрөттөрү
Окуусун таштап театрга качкан Жамал Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөрү
Жетим өсүп жетилген... Абдыганы Эркебаевдин сүрөттөгү өмүр жолу
"Жамийлада" Сейит, "Бакайдын жайытында" Калык... Назирет Дубашевдин сүрөттөрү
Көп кырдуу талант... 65 жашка чыккан Күмөндөр Абыловдун сүрөттөгү ирмемдери