Путиндин Кыргызстанга расмий сапары

Путин Канттагы авиабаза кантип түзүлгөнүн айтып, Кыргызстанга ыраазы болду

Аталган авиабаза 2003-жылы расмий ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Канттагы авиабаза кантип түзүлгөнүн айтып берди.
Анын айтымында, авиабаза Кыргызстанга бандиттик топтор кол салгандыктан ачылган.
"Республиканын жетекчилиги биздин авиациялык базаны өлкөгө тез арада жайгаштырууну суранып, Россияга түз кайрылган. Ошол кезде Кыргызстанга бандиттик топтор кол салып, көп адам жабыркаган болчу. Абал бирдиктүү реакцияны талап кылган", — деди Россия лидери.
Путин бүгүнкү күндө база олуттуу мааниге ээ болгонун белгиледи. Ошону менен бирге РФ лидери кыргызстандыктарга базанын аскерлерине жасаган жакшы мамилеси үчүн ыраазычылык билдирип, бул жайдын өлкөнүн коопсуздугун коргоодогу орду чоң экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров дагы өлкө бийлиги эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизат менен куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматташууну бекемдөөнү каалай турганын кошумчалады.
Аталган авиабаза 2003-жылы расмий ачылган.
Путиндин Кыргызстанга расмий сапары
Кыргызстан менен Россия соода жүгүртүү боюнча амбициялык пландарды койду