Садыр Жапаров өзүнө жаңы жардамчы дайындады

Жапаровдун мурдагы жардамчысы Эрнис Ашырбаев президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Нурсултан Усубалиев мамлекет башчынын жардамчысы болуп дайындалганын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын июнь айында Бишкек мэри мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге сыйлык тапшырган. Алардын арасында Нурсултан Усубалиев дагы бар болчу. Ал президенттин протокол кызматынын эксперти катары көрсөтүлгөн.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Усубалиев коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Таалайбек Усубалиевдин уулу.
Жапаровдун мурдагы жардамчысы Эрнис Ашырбаев президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды.
Садыр Жапаров Коргоо министрлигинде кадрларды алмаштырды