Конституциялык сотко өзүнүн чечимдерин кайра кароого укук берилет. Чоо-жайы

Чечим президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча каралат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Конституциялык сотко Жогорку Сот сыяктуу эле өзүнүн чечимдерин кайра кароо боюнча ыйгарым укуктар берилет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-сентябрда кабыл алынган.
Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу боюнча төмөнкү учурларда кайра каралышы мүмкүн:
чечим кабыл алууга негиз болгон КР Конституциясынын ченеми өзгөрсө;
чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;
чечим Кыргызстан элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине каршы келсе.
"Конституциялык сот мурда кабыл алынган актыны кайра кароо жөнүндө чечим кабыл алат, анда ал акт өзгөртүлөт же жокко чыгарылат. Чечимди кайра кароо жөнүндө маселени кароонун тартиби Конституциялык соттун регламенти менен аныкталат", — деп жазылган маалыматта.
Долбоордун демилгечиси президент болгон. Депутаттар Марлен Маматалиев менен Надира Нарматова мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Конституциялык соттун матчество боюнча чечими негиз болгонун билдирген.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Прокуратура тергөө укугунан ажырады. Мыйзамга Садыр Жапаров кол койду