Бишкектин четиндеги Орок айылында 35 миң орундуу стадиондун курулушу башталды

Жапаров жаңы стадиондун курулушу Азия чемпионатына даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына дем-күч берерине ишеним артты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, жаңы стадиондун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага караганда, стадион Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылына курулат.
Долбоорго ылайык, стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Мындан тышкары, 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус үчүн унаа токтотуучу жай, беш жерден кире бериш, үч көзөмөл-өткөрмө пункту, эки кабат трибуна, трибуналардын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калкалай турган курулмалар болот.
1 / 3

Ага караганда, стадион Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылына курулат

2 / 3

Долбоорго ылайык, стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт

3 / 3

Сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган

"Өлкөбүздө спортко кызыккан, сергек жашоо образын карманган жарандарыбыз абдан көп. Футбол спортунун жүз миңдеген күйөрмандары "заманбап стадионубуз болсо" деген каалоо-тилекти көптөн бери айтылып келе жатты эле. Ушинтип эгемендүү Кыргызстандын тарыхында кесипкөй футболчулардын, кыргыз футбол күйөрмандарынын, жалпы эл-журтубуздун кыялын ишке ашырууга кадам ташталды", — деди президент.
Садыр Жапаров заманбап стадион куруу жөнүндө жаштарга берилген убада аткарыларын белгиледи. Мамлекет башчысы буга чейин бир топ спорттук мелдештер, өзгөчө футбол оюндары көп жылдан бери кызмат кылып келе жаткан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөрүлүп келгенин эске салды.
"Ал стадион боюнча дагы биздин пландарыбыз бар. Тарыхыбызда татыктуу орун ээлеген бул спорт объектисинин абалын жакшыртуу үчүн иш-аракеттер жүрөт", — деди президент.
Жапаров жаңы стадиондун курулушу Азия чемпионатына даярданып жаткан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына дем-күч берерине ишеним артты.
Бишкекте "Барселона" академиясынын курулушуна капсула салынды. Сүрөт