Алмамбеттин Манаска айтканы. Ылаңүндүн чөлүнө, Эрименин көлүнө келгенде бул жердеги кароолдо турган Куу өрдөк менен Кулжа качып кеткенин көрүп Алмамбет "булар эми Коңурбайга баргандыр, коркутуп кабар салгандыр, түмөндөгөн кытайды түк койбой жыйып алгандыр, жылас болгон Коң төрө жыйырма батман туулга кийип алып тургандыр" деп Коңурбайдын карагай найза алганын, токсон билге ок артып, тогуз билге дары артып тосуп турганын айтат. Манаска карап Алмамбет Чубакты жаныңа кошуп алыпсың, мен эми жанып кайра кетейин, жабыша берип нетейин, мына шу жерден кетейин, чалгынды эми Чубагың барып чалсын деп таарынычын билдирет. Ачууланып атына минмек болот. Манаска карап Акбалтанын Чубагы Алмамбетти аттанта койбойт, андай ишти кылууга Арстан Сыргак да кошулат. Үчөөлөп Алмамбеттин алдын торойт. Ат бастыруу үчүн камчысын алганда Манас алдынан торой чыгат. Ошондо Алмаң камчысын алып кете албай, атына басып жете албай туруп калат.
Манастын Алмамбеттен суранышы. Анда айкөл кеп айтат. Досуна карап Манас Бээжинди көп айтып акылын бүлдүргөнүн, Бээжин бекем жер экенин, Кытай кылым эл экенин айтып келип, ошол жер мен чалгын чала турган жер экен, мен барайын анда ал жакка деп суранат. Муну угуп Алмамбет ачууланып кете албай, Манас бир тууганын аяп туруп калат. Анан баатырдын атын карап мингениң чабал, шайы жок, урушка кирер жайы жок, соорусунда майы жок, болбосо экөөбүз Бээжинге ээрчишип кирип салбайт белек кызыкты дейт. Өчөшпөйүн Чубакка, өткүр тууган чунакка, таарынбайын Чубакка, жай билбеген чунакка, аны Сыргакка кошуп, үчөөбүз баралы деп, Манасты өздөрүнө кошпойт. Аларга кошпогондо Манас Алмамбетке ачууланып, "оозуңа келди түрдүү кеп, өзүңдү жалгыз зордойсуң, өзгөнүн баарын кордойсуң, башыңды жалгыз зордойсуң, башканын баарын кордойсуң" деп келип Куу Коңурбай дажаалдан Кула ат айрып калбашын, Алда салган ажалдан, Анжынын каны дажаалдан Алмамбет айрып калбашын айтат. Анан ал "жазуудан артык жан өлбөйт, тактыда жатып кан өлбөйт, ажал жалгыз, айда өлбөйт, ажал берсе кудурет асмандан булут минсе да очогор огу жетпейби, маа окшогон оёнуң о дүйнө жайга кетпейби" деп төгүлүп-чачылып бууракандап кирет. Көкжалдын мунусун көргөн Алмаң баатырга бата албай, барбагын деп айта албай, атынын жайын көрүп кайгырып, ошентсе да аргасыз атка миништи, Алда деп жолго киришти. Эки күнү, бир түнү эринбей жолдо жүрүштү.
Төрт баатырдын дүрбүдөн Кытай жерин көргөнү. Анан алар Алмамбет жол баштап Саястын кара сеңирге кирип келди. Саяс деген улуу тоо, самсыган кытай улуу жоо буларга жакын турду. Манас баатыр кырга чыкканда айнеги жакут дүрбүнү алып оң көзүнө салды. Айкөлдү туурап баары дүрбүсүн алды да, оң көздөрүнө алып барды. Каапырдын калаасы түштү көздөргө. Булардын көрүп атканы "текчеден гүлү ачылган, жемиши жерге чачылган, торгою сайрап чөлүндө, бакасы чардап көлүндө, күкүгү сайрап көгүндө, булбулу сайрап таңшыган, булагы агып ташыган, бурчтанып жаткан мунарык, булуңдап жаткан тунарык" мурдагы Бээжин жер экен. Буларды Буталач журту дээр эле, тоосунун аты – Бучала, чыккан чөбү – күчала. Алыстан Кентун, Какан арасы анча-мынча көрүнүп турду. Бери жагында Чыңшаанын жазы талаасы, Бакбурчундан бөлүнгөн, бас кайкалаң көрүнгөн Чоң Бээжиндин кайкысы. Оң жагында оркойгон Алтын тоонун кени эле, Күн жүрүш жакта бөлүнгөн, күзгүдөй жарык көрүнгөн, чырпыгы чыгып чынардай, чынарлары кадимки шаар салган мунардай, торгою тоонун улардай, тооктору кунандай, кунандарын көрөсүң куруп салган дубалдай, Күдөрү Кентун как ушу, Алмамбетке күйүүчү Күдөрү журту дагы ушу.
Алмамбеттин баяндап бергени. Досу Манаска андан ары Какан калаа, Чын-Мачын, казалдаган Чоң-Бээжин калааларын айтат. Күчтүүнүн баары ошондо, балбандын баары ошондо дейт, Мангүбанын улугу, Зардалдын баары ошондо дейт. Жетиген жагында Жыяңча, калаасы Туңша, Будача экенин, атасы Соорондук ошол жерди алганын, андан ары Каспаң, Бээжин, Туңшаны көрсөтүп, атасы ал жерди да сурагынын айтат. Өз жери Каңгылуу Бээжинди алмасы аттын башындай, жаңгагы сайдын ташындай, мейиздери беш жашар бала муштумдай, машасы баштыктай, беченди деген чөбү беш сугарган аштыктай, айбан жесе тойбогон, эгер андан бир тойсо, алты күнү мингенге ачып карды койбогонун айтат. Жүз кулач жерге сойлогон Түйүнчач деген жыланын айтат. Манаска Таңшаң, Бээжин жерим шол, самсыган кытай элим шол деп бул Соңоорлуу талаа, Чоң-Бээжинди менин жерим болсо деп самабаган киши жогун айтат. Айтылуу Бээжин ушу экенин, азыр акимсиген Коңурбай мен шу жерде турганда анча-мынча эле киши болчу дейт. Каспаңдын кара тоосун – капкалуу Бээжин оозу көрсөтөт. Ошол жерден Каталдын кара бели, Каңгайдын калың эли көрүнөт. Анан "эсеп жеткис элим бар, эрдемсиген Чубакка не жеримден кемим бар" деп, эли менен жеринин четин гана көрсөткөнүн айтып келип, калксыз киши эместигин, жерсиз пенде эместигин айтып эр Манасты муңайтып, эскиси түшүп эсине, жаш имерип көзүнө "киндик каным тамган жер, кимге барсам кытай дээр, каным менин тамган жер, кайда барсам кытай дээр" деп арманын айтып болкулдап, наалып ыйлап солкулдап, насыбайды бур тартып, кайраттанып үшкүрүп, кайра баштан түзөлүп, Алда деп атка миништи, Анжы, Туңша жолу деп токтолбой жолго киришти.
Алмамбеттин айла издеши. Жол жүрүп баратып Алмамбет Манаска душмандын кысмагын көрсөк кокустан, кыйындык тартсак окустан, сен билип туруп айткан эмес экенсиң дебегин – бир кишиден кообум бар деп, анын атын айтат: Маңгүбаны жердеген Сазаңшаң деген эл деген, Сазаңшаңды бийлеген Макел-Малгун эр деген. Ошо капыр келбесе, башкасынын баары менен согушуп жүргөнүн, аларды алып жыгарын, эми Арстан Манас турганда алдырсам анык шору болорун эскерте кетет. Ошентип отуруп төрт баатыр Керегети деген жолго түшөт, келген-кеткен кумдан мол, бакалчысы да, базарчысы да жүргөн, Анжы, Манжы, Таңшаң кан жолу экен кезинде. Ошол жолдон "керик көрсөм, пил кармап, кербенчиден тил кармап, мал ордуна пил кармап, базарчыдан тил кармап, айттырып сөзгө канайын, как шо жерге барайын, жоо бөрүсү – чунакты, жол талашкан Чубакты жолдош кылып алайын, тобокелге салайын" деп Алмамбет Чубакты алып, бир белестен оно боюн жашырып ары-бери көз салса жол байланып калыптыр: басар жолу байланып, баскан-турган кытайлар башка жак менен айланып, кербен жолу кесилип, каттоого бенде жок болуп калган экен.
Түрк колу келе жатканын Эсенкандын угушу. Баягы Кулжа менен Куу өрдөк айлык жолго эки күндө жетиптир. Жетиптир да Эсенканга кытайга кыргын салууга, каканды каптап алууга Элемандын Төштүгү, Эштектерден Жамгырчы, казактардын Көкчөсү, калың кыпчак Үрбүсү, Анжиянда Санжыбек, аксакалы Музбурчак, Арстан Манас баш болуп, аскери кумдай карк толуп келип калганын айтат. Муну угуп Эсенкан баштап элейип, эсинен танып селейип, урматтуусу умпайып, улуктун баары сумсайып, көптү көргөн карысы, көсөмдөрдүн баарысы унчуга албай турушту. Токсон калаа Какандан толуктап кол жыйды. Казак, кыргыз, кыпчактын жол баштаары өздөрүнүн Алмамбети экенин угушту. Айласы кеткен Эсенкан кеңешке чакырганда Чангели аттуу бир дуу-дуусу жашында Көйкап жакта көп жүргөнүн, ошол жакта Туңша деген тоодо дөө-перилер жашаарын, алардан ары төрт айчалык жол жүрсө Маңгүба деген жер, сазаңшаң деген эл барын, ошолордун улугу Макел-Малгун деген эр экенин, ошону жардамга чакыруу керектигин айтат. Ал келсе Угуз уулу болмоктон ушу жакта мусулман бүт жыйылып келсе да биз жеңип алабыз дейт. Дароо эле ага катын жазып, калдайта мөөрүн басып, чабарчыны чаптырып, аткарды жети калдайды. Канатына кат байлап далдайган кузгун кушун учурду. Эсенкан жетимиш күн мурда эле Макелге жети калдай жиберген экен. Алар барса Маңгүбанын баашасы бүтүлүү бийик тоо экен коргон кылган кашаасы, үй ордуна киргени үлкөн тоонун үңкүрү, кирип-чыгып жүргөнү көз учкан таштын чуңкуру. Макел дөө жана анын колу. Анын маңдайда жалгыз көзү бар, адам билбес сөзү бар. Оозун ачып сүйлөсө обо жарган обозу күркүрөгөн күн өңдүү, азат бойдон чыккан түк апсайган аюу жүнү өңдүү, аңдап көрсө дидары ажыдаар түрү өңдүү. Ошол дөө тоого чыгып айкырып, келгиле деп чакырса нече жүз миң кошууну келе калат заматта. Көбү келди жылаңач, көңкү баары жылаңбаш, башындагы чачтары жер сыйпайт, чачы кийим сыяктуу, эң кичигинин башы даш казандай, коңурсуган жыттары ат чабым жерге барчудай. Жетимиш кулач карагай жеңил желпи таягы, жыланды көрсө жырып жейт, кумурсканы кырып жейт, суур көрсө сууруп жейт, ободогу канаттуу узатпастан уруп жейт, өлгөнүнүн этин жейт, ичи менен жинин жейт, бака, жылан, коңузду, кашкулак, бөрү, доңузду жейт, канжа менен түтүн жейт, жегенге таппай калганда, тал-теректин бүрүн жейт, карагайдын түбүн жейт. Кай бирөөсү төрт аяк, каргылаган тайгандай, кай биринин башында мүйүзү бар, анысы душманды найзадан мурун сайгандай. Кээ биринде эки баш, кай биринде алты бут, кай биринде айлана чыккан жети кол.
Макел дөөдөн кытайлардын коркушу. Макел дөө жүрдү жол менен, нечен түмөн кол менен, тар жерге келсе жол бербей, булакты көрсө суу койбой, муздакты көрсө кар койбой, бу каканга кол салган кандай жоо экен деп артынан жүз миң аскери менен жөнөдү. Жолдо аскадан кулап өлдү кыйласы, чаалыгып сулап өлдү кыйласы. Баягы Эсенкандан барган калдайлар булардын түрүнөн коркту, алар келсе элибизди жок кылат, андан көрө душман болсо да буруттар келгени оң дешти. Мусулман келсе малды алат, алар келсе буудайды оруп, жанды алат, бурут келсе элди алат, алар келсе көзгө илинген жандардын көңкү баарын жеп алат, астыңа минген такты алат, башыңда дөөлөт бакты алат деп дагы көптү айтат. Улуктар дагы убайымга түштү. Аскер камданды. Алты сан ит, миң эшек, тогуз түмөн доңуз, тогуз миң төөгө жүктөлгөн бака, жылан, коңузду камдашты Макел дөөнүн колуна, алып бармак болду жолуна. Алты түмөн кызматкер даяр турду аларга. Арада Жантак дайра бар. Ошол жактан тосмокко жакын барды баарысы. Артып барган коңузун, айдап барган доңузун, жетелеген төөсүн, алып барган итин келгендер дароо эле тамам кылып тынышты. Жүк жүктөгөн төөсүн да, төө айдаган жөөсүн да – бирин койбой жалмады. Кызматка барган адамдан кылайган бири калбады, кызыталак сазандык, жалгызын койбой жалмады. Муну кимдер чакырды дешти, булар кытай менен калмакты эле эмес, дүйнөнүн баарын жок кылат дешти. Кытайдан алты миң аскер барып, эптеп жабылып жалгыз көпүрөнү алып койду, ага болбой бийиктиги миң кулач керик мингендер сууга кирди. Ушундай чоң дайраны арыкча көрбөй кечип чыгып, Какандын капкасын каптады. Калаанын бак-дарагы кыйрады, базарына сыйбады. Кан Коңурбай такта отурган жерине чейин кирип барган Макел дөө зоо жаңырткан үн менен "Коңурбайың ким" деди.