БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар келип, атайын кызматтар иштеп жатат. Маалыматты ведомствонун маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бомба тууралуу саат 17:00дөр чамасында айтылып, кызматкерлердин баары сыртка чыгарылган. Учурда курчоого алынып, күч түзүмдөрү ичин текшерүүдө.
Бүгүн Бишкектеги бир нече мектепте да жарылуучу зат бар экени туурасында кабарланган.