Радио

Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккандардын 40%ы каза болот

Кыргыз-Россия славян университетинин онкология жана нур терапиясы кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору, онколог, маммолог Кыял Макиева өлкөдө эмчек безинин рагына кабылгандардын саны ашказан рагынан кийинки экинчи орунда турарын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккандардын 40 пайызы каза болот. Учурда оору жашарып, кыз-келиндер арасында да өлүмгө дуушар болгондор бар. Бул тууралуу Кыял Макиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бир жылда өлкөдө 700гө чукул аял эмчек рагына кабылып, дарыгерге кайрылат.
"Онкологиялык оорулардын ичинен эмчектин залалдуу шишиги ашказан рагынан кийинки орунда турат. Өлкөдө бул оор илдетке кабылгандардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Албетте, мунун абдан көп факторлору бар. Ал эми бизде эмчек рагына чалдыккандардын 40 пайызы каза болот. Учурда оору жашарып, кыз-келиндер арасында да өлүмгө дуушар болгондор көбөйүүдө. Бир жылда өлкөдө 700гө чукул аял эмчек рагына кабылып, дарыгерге кайрылат. Бүгүнкү күндө ден соолугуна кайдыгер карабагандар көбөйүп, жылда текшерилгендер арбыды", — деди Макиева.
Ошондой эле адис Кыргызстанда залал шишиктен улам эмчеги кесилген учурда алгач ирет реконструкциялоо жасалып, ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады.