Кийинки жумада Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

Жуманын башында жана этегинде күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология агенттиги бир жумага карата Жалал-Абаддагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Облуста 27-28-мартта күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
29-30-31-мартта күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, ал эми бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
1-2-апрелде жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Жаанчыл болобу? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы