БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Борбор калаанын айрым аймактарында 30-март күнү саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак үйлөрдө, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык объектилерде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Суу жок болчу көчөлөр: Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская, Ала-Арча дарыясынын аймагы, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев.
Ошондой эле Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарында суу болбойт.
Суу "Түндүк" суу кампасында жана шаардагы суу түтүктөрдө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, таза суу камдап алууну өтүндү.