Радио

Министрлик быйыл 697 чакырым каналды оңдоп, тазалайт

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын жетекчисинин орун басары Абдыбай Жайлообаев сугат мезгилине даярдыктар тууралуу маалымат берди.
Sputnik
Быйыл 697 чакырым ирригациялык каналды оңдоп, тазалоо мерчемделүүдө. Бул тууралуу Абдыбай Жайлообаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл ирригация системасын оңдоп-түзөөгө бир миллиард сом бөлүнүүсү күтүлүп жатат.
"Быйыл 697 чакырым канал, 747 гидротехникалык курулма, 309 суу өлчөөчү пост, 115 насостук станция, 199 насостук агрегатты оңдоо, 59 насостук агрегатты жаңылоо, 1 242 метр басым түтүктү алмаштыруу, 13 БДР жана БСРди, 9 суу сактагычты, 285 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты оңдоо жана тазалоо мерчемделүүдө. Учурда республикалык бюджеттен 76 миллион сом бөлүнүп, 107,3 чарба аралык канал оңдоп тазаланды. Дагы бир катар иштер жасалып, суу сактагычтар сугат мезгилине даярдалууда. Азыркы тапта өлкөдө 11 чоң суу сактагыч бар, аларда суу өткөн жылга салыштырмалуу көбүрөөк топтолууда", — деди Жайлообаев.
Ошондой эле ал Кыргызгидромет суунун көлөмү былтыркыдай болорун божомолдогонун кошумчалады.