Кыргызстанда аялдар тууралуу кызыктуу фактылар

2023-жылдын башында Кыргызстандын калкынын саны 7 миллион адамды түздү. Ошол эле убакта эркектерге караганда аялдардын санынын өсүшү 50 пайыздан ашык экени маалым.
Sputnik
1 / 5
2 / 5
3 / 5
4 / 5
5 / 5
Улуттук статистикалык кызматынын маалыматына караганда, республиканын калкынын жаш курактык курамы никеге туруунун жогорку жыштыгын көрсөтөт. 2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган, алардын 93 пайызы биринчи жолу турмуш кургандар болуп саналат.
Ошондой эле, Кыргызстанда үй иштери көбүнчө аялдардын иштери болуп саналат, анткени аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз жана убакыттын суткалык фондунун 4 пайызга жакын түзөрүн статистика комитети билдирди.
Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат. Муну менен катар аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.