Банктардагы кепилденген компенсацияны 1 млн. сомго көбөйтүү сунушталууда

Учурда компенсациянын кепилденген суммасы 200 миң сомду түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Банктардагы, микрокредиттик компаниялардагы жана турак жай сактык кредиттик компаниялардагы аманаттар менен депозиттердин кепилденген компенсациясынын көлөмүн 1 миллион сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.
Бул боюнча мыйзам долбоорду Кыргызстандын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иштеп чыкты.
Учурда бул сумма пайыздары менен кошкондо 200 миң сомду түзөт. Башкача айтканда, эгер депозитке салынган акча 200 миңге чейин болсо толугу менен кайтарылат, ал эми андан көп болсо кепилденген сумма гана берилет.
Мыйзам долбоордо Депозиттерди коргоо фонду 15 миллиард сомго (азыр — 4,3 миллиард) өскөндө гана босогону 5 эсе жогорулатуу сунушталган.
Кепилдик боюнча аныктаманы да өзгөртүү пландалууда. Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча банк (банк, микрокредиттик компаниялар, турак жай сактык кредиттик компаниялар) жабылууга мажбур болгондо кепилденген сумма ээлерине кайтарылат. Ал эми мыйзам долбоордо жогоруда аталган финансылык мекемелердин лицензиясы алынган учурда кепилденген каражатты кайтарып берүү сунушталып жатат.
Мындан тышкары, депозиттик базага банктар чыгарган электрондук акчаны да киргизүү сунушталды.
КРде инфляция тездик менен өстү, бирок жакшы божомолдор дагы бар