БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +7...+12, ал эми Нарында -3...+2 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +15...+17 жана Ошто +16...+18 градуска көтөрүлөт.