"Азия Молл" соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. "Азия Молл" соода борборунда чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Өрт саат 17:28де чектөөгө алынып, 18:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалын 20 чарчы метрге жайылган. Жабыркагандар жок. Кырсыктын себеби белгисиз.
Жерине төрт өрт өчүрүүчү машина, бир автотепкич тартылган.
Өрттү аралап кирип, адамдарды куткарган казакстандык өрт өчүрүүчүлөрдүн видеосу