Радио

Темирбек уулу: Кыргызстан — туристтер үчүн өзүнчө бир экзотикалуу өлкө

Туристтик компаниянын негиздөөчүсү Эрмек Темирбек уулу өлкөдө туризмди өнүктүрүүнүн эки жолу бар экендигин айтты.
Sputnik
Кыргызстан туристтер үчүн өзүнчө бир экзотикалуу өлкө экенин Эрмек Темирбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет элдиктер Кыргызстандын кол тийбеген жаратылышына кызыгышат.
"Өлкөбүздө көп тармактар сыяктуу эле туризм жааты да эми-эми жолго салынып келе жатат. Туризмди өнүктүрүүнүн эки жолу бар. Биринчиси — инфраструктура үчүн акча салуу. Экинчиси — жарнамалоо. Менимче, азыркы кезде экинчи жолду тандаганыбыз көбүрөөк пайда алып келет. Анткени чет элдиктер биздин жаман жолдорубузга, кол тийбеген жаратылышыбызга кызыгышат. Ошондуктан азырынча колдо бар мүмкүнчүлүктөр менен аларды тейлөөнү улантып, акчаны жарнамага салып, көбүрөөк турист чакырышыбыз керек. Алардан түшкөн каражатты инфраструктурага жумшасак болот. Биздин эң чоң кемчилигибиз — туристтик агенттиктер өзүнчө, кино тарткандар өзүнчө, белгилүү жана таасирлүү адамдардын өзүнчө иш алып баргандыгы. Булардын баары чогуу отуруп, идея жаратып башка өлкөдөгү жана жергиликтүү туристтердин ойгонушуна, Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошсо натыйжа болмок", — деди туристтик компаниянын негиздөөчүсү.
Ал Европада саякаттоонун капчыкка үнөмдүү болгонун элдин саякатка ынтызарлыгы менен байланыштырды.