"Салык төлөөчүнүн паспорту" долбоору ишке кирди. Кандай пайдасы бар?

Аталган электрондук документ ишкерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "Салык төлөөчүнүн паспорту" долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Долбоор ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасын иштеп чыгуунун экинчи этабында жүзөгө ашырылды.
"Салык төлөөчүнүн паспорту" — бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы.
Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, жалпыга жеткиликтүү жерде, мисалы, кире бериште, витринада же кассада жайгаштырылат.
QR-кодду смартфондон сканерден өткөрүү менен төмөнкү маалыматтарды алууга болот:
салык төлөөчүнүн реквизиттери жөнүндө (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү);
ИСН жана контролдук-кассалык машинанын болушу;
жооптуу салык инспекторунун байланыш маалыматтары.
"Ишкер менен керектөөчүнүн ортосунда талаш маселелер пайда болгон учурда салык кызматынын компетенциясынын чегинде иштерди жөнгө салуу үчүн жооптуу салык инспектору менен түз байланышса болот", — деп айтылат маалыматта.
"Салык төлөөчүнүн паспорту" калк тарабынан ишкерлердин ишин көзөмөлдөөнү күчөтөт жана ошону менен керектөөчүлөрдүн укугун коргойт.
"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байге фонду көбөйтүлдү