БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Курултайга конок катары чакырылган Сапарбек Аргынбаев президент Садыр Жапаровдон Алексей Ширшовдун убадасы тууралуу сурады.
"Ширшовду башынан сылап тосуп алып, ал Максим Бакиевдин 200 миллион долларын алып келип берем дегенин айткансыздар. Ошол акча келдиби? Келсе кайсы эсепке түштү? Бүгүн Ширшовдун кадрларынын баары кызматка келди. Анын ичинде энергетика министри Таалайбек Ибраев бар. Ага 2010-жылдан бери алты жолу кылмыш иши ачылган. Эмне үчүн аны бүгүн министр кылып коюп жатасыңар?" — деди Аргынбаев.
Эске салсак, Кыргызстандын энергетика тармагында "серый кардинал" атыккан, "Дастан" трансулуттук корпорациясынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов быйыл 10-майда кармалып, бирок кечкурун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.
Ошол кезде Жапаров Ширшов Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таап, Кыргызстанга кайтарып берүүнү убадалаганын айткан.