Кино менен театрдын өчпөс жылдызына айланды. Муратбек Рыскуловдун сүрөттөрү

Бүгүн кино жана театр актёру, СССРдин эл артисти Муратбек Рыскуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар талантты эскерип, өмүрү, чыгармачылыгындагы ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Муратбек Рыскулов 1909-жылы 23-ноябрда Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Элетте өскөн болочоктогу актёр мектепти аяктаган соң 1936-жылы борбор калаадагы Кыргыз музыкалык-драма театрында билим алып, театрда 1941-жылдан баштап иштеп, 1949-жылдан тарта киного тартыла баштаган.
СССРдин эл артисти чыгармачылык жолунда 20га жакын тасмада, 40тай спектаклде роль жараткан. Актёрдун сахнадагы, жашоодогу бир канаты атактуу актриса Сабира Күмүшалиева болуп, алар төрт баланы татыктуу тарбиялашкан. Рыскулов Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, төрт жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган.
Залкар актёр 1974-жылы 64 жаш курагында борбор калаада көз жумган.
1 / 19

Драматург Бексултан Жакиевдин чыгармасынын негизинде коюлган "Атанын тагдыры" спектакли

2 / 19

Актёр 40 жашынан баштап кинотасмаларга тартылган

3 / 19

"Бакайдын жайытын" тартууда желеге кулундарды байлоого аракет кылган Муратбек Рыскулов менен Советбек Жумадылов

4 / 19

"Тянь-шандык кыз" кинофильминде роль аткарган учуру

5 / 19

Бала көтөргөн актёр Советбек Жумадылов, кичинекей Насрет Дубашев, Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова жана СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов. Суусамыр жайлоосу, 1966-жыл. "Бакайдын жайытындагы" ирмем

6 / 19

Эл ичине бүлүк салган ажы (Муратбек Рыскулов) кол алдындагы жигиттерин сабап жаткан учур. "Отко таазим" кинокартинасы

7 / 19

Кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев, Кыргыз эл жазуучусу Аалы Токомбаев, 1938-жылдан 1945-жылга чейин Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы болгон Төрөбай Кулатов, СССРдин эл артисти, белгилүү актёр Муратбек Рыскулов, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова, экинчи катарда акындар Байдылда Сарногоев менен Акбар Токтакунов. Москва шаарында 1958-жылы өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасы

8 / 19

Жылкыларын чогултуп, суу боюнда отурган СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жылкычы Бакайдын образында

9 / 19

Муратбек Рыскулов жана жаш сценарист Төлөгөн Сыдыков. "Көчө" тасмасындагы иш учуру

10 / 19

Солдон оңго актёр Аманкул Куттубаев, опера ырчысы Сайра Кийизбаева, актёрлор Ашыралы Боталиев, Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева жана төкмө акын Токтоналы Шабданбаев. Алардын сүрөтү 1958-жылы Москвадагы Казань вокзалында тартылган.

11 / 19

Муратбек Рыскулов театрда ондогон роль аткарып, сахналаштарына акылман аксакал болгон

12 / 19

"Жоро" кинофильминде Козубайдын ролунда

13 / 19

Рыскуловдун актёрлук боюнча жогорку билими жок болгон. Сүрөттө ал Уильям Шекспирдин "Отеллосунда" баш каармандын ролунда

14 / 19

Жолчуларга кымыз берип отурган жылкычы Бакай

15 / 19

Режиссёр Иван Кобызевдун "Менин жаңылыштыгым" кинофильмин тартуу учуру. Муратбек Рыскулов жогорку адамдык сапатка ээ болгон кайталангыс талант болгон

16 / 19

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өмүрүн киного, сахнага арнаган

17 / 19

СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов менен Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын уулу Искендер, Бактыбек жана кызы Нуржамал менен. Чыгармачыл инсандар чогуу 38 жыл өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн.

18 / 19

Залкар актёрдун театрда, кинодо жараткан образдары азыркыга чейин көпчүлүктүн эсинде. Ал 1974-жылы 64 жаш курагында кан басымынан улам борбор калаада көз жумган.

19 / 19

Учурда Муратбек Рыскуловдун ысымын Нарын облустук музыкалык драма театры жана Бишкек шаарындагы бир көчө алып жүрөт

Тема боюнча:
Каныбек Осмоналиев 69 жашка толду. Олимпиада чемпионунун сүрөттөрү
Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр
Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси