Каныбек Осмоналиев 69 жашка толду. Олимпиада чемпионунун сүрөттөрү

Бүгүн олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин туулган күнү. Тарыхый инсан 69 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу спортчуну куттуктап, анын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Каныбек Осмоналиев студент кезинде салмагы 42 килограмм, бою 1 метр 48 сантиметр болуп 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп, машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинген. Ошентип ал 17 жашында оор атлетикага келип, үч жылдан кийин Кыргыз ССРинин чемпиону болгон. Ал спорттогу 13 жыл ичинде дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиондугун багындырып, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган.
Осмоналиев 30 жашында чоң спорттон кетип, көп жыл жаштарга машыктыруучу болгон. Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду.
1 / 13

Осмоналиевдин балалыгы 6 уй саап, камыр жууруп, талаада иштөө менен өткөн

2 / 13

Жаш жигиттин жөндөмүн машыктыруучу Семен Иткин байкап калып анын устаты болгон. Болочоктогу олимпиада чемпиону 17 жашында оор атлетика менен машыга баштаган

3 / 13

Спортчу 13 жылда дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиону болгонго жетишкен

4 / 13

Ал 27 жашында Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Сүрөттө Осмоналиевдин атаандаштары кореялык Бонг Чол Хо менен Ген Си Хан күмүш жана коло медаль алган

5 / 13

СССРдин олимпиадалык курама командасынын курамына кирген кыргызстандык спортчулар. Николай Чернецкий, Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова

6 / 13

Аалы Токомбаев, Чөкүш ата, СССРдин баатыры Иван Немцев, Каныбек Осмоналиев жана апасы Жийдекан

7 / 13

Кыргыз элинин сыймыгы 30 жашында чоң спорттон кеткен

8 / 13

Олимпиада чемпиону 1983-жылдан бери машыктыруучулук менен алектенип келет

9 / 13

Дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчу жакындары менен

10 / 13

Ардагер коомдук иштерге активдүү катышып, азыркыга чейин чаалыкпай иштеп келет

11 / 13

Осмоналиевдин Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болгон бөбөккө алтын медалын тартуулаган учур

12 / 13

Каныбек Осмоналиев жубайы Медеркан менен төрт уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Сүрөттө канат-бутагын жайган үй-бүлө

13 / 13

Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду

Тема боюнча:
Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси
Чаалыкпаган скульптор. 87 жашка чыккан Тургунбай Садыковдун сүрөттөрү
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси