Кыргыздын чырайлуу, таланттуу актрисалары... Кызыктуу сүрөттөр

Быйыл "Кыргызфильм" 81 жылдыгын белгилөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографисттердин тасмаларына катышкан сулуулардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Борбор калаадагы Фрунзе кинохроника студиясы 1941-жылы 17-ноябрда өкмөттүн токтому менен уюшуп, жаңы түзүлгөн маданий жайга жабдуу, техника алып келинип "кыргыз кереметине" чыйыр салынган.
Ата мекендик киночулардын тарткан эмгектерине кыргыздын чырайлуу кыз-келиндери тартылган. Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Айтурган Темирова, Гүлнара Кадыралиева, Гүлсара Ажыбекова, Мамлакат Кылычева, Гүлнара Чокубаева, Анара Мамбетова, Шайыр Касымалиева, Нүргүл Киндербаева, Анара Макекадырова тартылган фильмдер классикага айланса, улуу муундун ардактуу жолун Таалайкан Абазова, Альбина Имашова, Элина Абай кызы татыктуу улантып жатышат.
Ошондой эле чет элдик актрисалар да роль аткарууга чакыртылган учурлар болгон.
1 / 18

СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева "Ак кеме" тасмасында Карыз таененин образында

2 / 18

СССРдин эл артисти, белгилүү актриса Бакен Кыдыкеева менен казакстандык актриса Раушан Сармурзина. Актрисалар кинорежиссёр Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолу" тасмасына тартылган.

3 / 18

Чыңгыз Айматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналар" тасмасында Мырзагүлдүн ролун аткарган Нүргүл Киндербаева

4 / 18

Кыргыз киносунун жылдыздары: Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова, Жамал Сейдакматова жана залкар жазуучу, 1981-жыл

5 / 18

Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева

6 / 18

СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов, кичинекей Анара Макекадырова менен Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Гүлсара Ажыбекова. "Кызыл алма" кинофильмин тартуу учуру.

7 / 18

Таттыбүбү Турсунбаеванын кызы Асел Эшимбекова кинорежиссер Төлөмүш Океевдин тасмасында

8 / 18

Белгилүү актриса Наталья Аринбасарова "Биринчи мугалимде" башкы каарман Алтынайдын образында. Анын артында Дүйшөн агай (Болот Бейшеналиев).

9 / 18

Ондогон кинокартинада роль жараткан Айтурган Темирова

10 / 18

Чырайлуу Таттыбүбү Турсунбаева Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" кинофильминде Уркуянын ролунда

11 / 18

Советтик белгилүү режиссёр Альгимантас Видугиристин "Көз айнекчен" ("Очкарик") тасмасындагы кичинекей Бермет Маликова

12 / 18

Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" кинофильминде чабандын аялы Урумдун ролунда Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова

13 / 18

Кыргызстанга чет элдик актрисалар да чакыртылып турган. Сингапурлук актриса Жулия Никсон менен таланттуу актриса Шайыр Касымалиева. Алар 1994-жылы "Чыңгыз хан" кинокартинасы тартылган.

14 / 18

Таланттуу актриса Альбина Имашова кыргыз киночуларынын бир топ кинофильмдерине катышып келет

15 / 18

"Мунабия" кинокартинасында башкы ролду аткарган Мээрим Атантаева

16 / 18

Режиссер Садык Шер-Нияз тарткан "Курманжан датка" фильминде роль жараткан Элина Абай кызы

17 / 18

Кинорежиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" фильминде роль аткарган Таалайкан Абазова

18 / 18

Кыргыз-өзбек киночулары биргелешип тарткан "Делбирим" тасмасында Мадина Талипбек башкы каарман Аселдин образында

Тема боюнча:
Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси
Чаалыкпаган скульптор. 87 жашка чыккан Тургунбай Садыковдун сүрөттөрү
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси