Быйыл 83 жашка толмок. Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөгү жашоосу

Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, залкар актёр Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен сүрөтчүлүккө кызыгып 14 жашында Фрунзедеги сүрөтчүлөрдүн окуу жайына тапшырып, андан соң 1958-жылы Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр институтунун живопись факультетин бүтүргөн.
Кийин тагдырдын жазмышы менен кинорежиссёр Болот Шамшиевдин "Караш-Караш окуясы" кинофильмине тартылып атагы алыска кетип, элдин жана киночулардын сүймөнчүлүгүнө айланган. Эмгек жолунда актёр 20дан ашык образ жараткан. Ал ошондой эле Манастын, Чыңгыз хандын, кубалык Че Геваранын ролун аткарууну кыялданган. Залкар талант узакка созулган оорудан улам 1992-жылы 26-сентябрда 52 жашында дүйнө салган.
1 / 17

Сүймөнкул Чокморовду киного кадам таштаткан Болот Шамшиевдин "Караш-караш окуясы" фильми

2 / 17

Таланттуу инсан эмгек жолун сүрөтчүлүктөн баштаган. Актриса Алиман Жангорозованын элесин кагаз бетине түшүрүп жаткан учуру

3 / 17

Сүймөнкул Чокморов киночулар менен кызуу иштешип жаткан учур

4 / 17

Таланты оргуштаган актёр. Чокморов "Кызыл алма" кинофильмин тартуу маалында

5 / 17

Чыгармачыл топ эс алып жатканда кооз жаратылышты тартып алууга ашыккан сүрөтчү. "Бөрү зындан" кинокартинасын тартуу учуру

6 / 17

СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен белгилүү актёр Аман Камчыбеков. "Каныбек" тасмасындагы эпизод, 1977-жыл

7 / 17

Ал "Биринчи сүрөтчүмүн, анан гана актёрмун" деп калчу. Көп кырдуу талант кесиптеши Тургунбай Садыков менен 80-жылдардын башында

8 / 17

Япониялык кинорежиссёр Акира Куросава СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен. Актёр чет элдик режиссёрлор менен да тыгыз иштешкен

9 / 17

Сүймөнкул Чокморов кинорежиссёр Төлөмүш Океевдин да бир топ кинокартиналарына тартылган. "Улан" тасмасындагы кадр

10 / 17

Сүймөнкул Чокморов келинчеги Салима Шабазова менен. Жубайлар он жыл бирге түтүн булатып, Бактыгул аттуу уулду тарбиялашкан

11 / 17

Сүймөнкул Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалтанын образында. Актёр ат жалында ойноп, волейболчу да болгон

12 / 17

Эмнелерди сүйлөшүп жатты экен?.. Сүймөнкул Чокморов айылдаштары менен. 1984-жыл

13 / 17

Кээде Сүймөнкул Чокморовсуз кыргыз кинолору кандай болот эле деген суроо жаралбай койбойт

14 / 17

Актёр уулу Бактыгул менен өз үйүндө

15 / 17

Сүймөнкул Чокморов өзбек актрисасы Дилором Камбарова менен Альгимантас Видугиристин "Жалаң эркектер" тасмасын камерага түшүрүү маалында. Жалал-Абад облусу, 1981-жыл

16 / 17

Өкүткө салган, оорунун тузагына түшкөн күндөр. Сүймөнкул Чокморов ооруканада

17 / 17

Көзү тирүү болгондо таланттуу актёр быйыл 83 жашка толмок

Тема боюнча:
Төкөлдөштүн төрт кызынын бири. Сайра Кийизбаеванын сүрөттөгү элеси
"Чабандын кызы" үчүн алтын медаль алган. Семен Чуйковдун архивдик сүрөттөрү
Чаалыкпаган скульптор. 87 жашка чыккан Тургунбай Садыковдун сүрөттөрү
Филармониядагы өмүр, берилбей калган сыйлык. Акын Токтосун Тыныбековдун элеси