Буга чейин Манас дүйнөсүнөн Көзкамандардын келиши, Манастын Акун хан менен бел куда болушу туурасында баяндаганбыз. Бул сапар ичи бузук арамдардын Айкөлдү уулантып көзүн тазалагысы келгени туурасында айтып бермекчибиз.
Шыгайдын уулу Жапак. Манас улам ары-бери жүрүп, ортодо уруштар чыгып, эл ортосу деп тандаган Таласка көчүп баруу иши кийинкиге калтырыла берет. Таласка көчпөй тургандар да чыгат. Алардын бири Байжигит болот. Ал көчүү-конуу тууралуу масилет курганда Манаска түз эле Таласка барбашын, малга да, элге да жайлуу жер болгон, үйрөнгөн Алтайга кайра кетүү оюн айтат. Манас каршы болмок беле, уруксат кылат. Байжигит ажыраш аяк той берет, тойду зор берет. Туш-туштан конок чакырат. Ошол тойго Алооке кандын баатыр уулу Коңурбай да келсин деп Жапак деген астыртан кабар айттыртат. Бул Жапак насили Манаска тууган, ал да Ногойдон тараган, анын Шыгай деген уулунан. Кытайлар Ногойдун балдарын чилче таратып кууганда бул Шыгай Алай тарапка качып кетет. Ал жактан Анжиянды ээлеп алган Алооке кандын Коңурбай деген баласы менен чогуу өсүп калган экен. Алоокени айдап чыккан Манаста Коңурбайдын кеги бар да, ошону жакшы билген Шыгай дагы бир кутумчу Алымбеке дегенден Коңурбай бул жактагы Байжигиттин ажыраш аяк тоюна камданып келсин, экөөбүз биригип, Манасты ушул тойдо өлтүрүп жок кылабыз дейт. Алымбеке Коңурга барса, Коңурбай жок болуп чыгат, бул оюн анын атасы Алоокеге айтса, ал аны шылдың кылып, Манас жөнүн жакшы билген куу неме "ушул силердин колуңдардан бул иш келбейт, Манас аябай күчтөндү, андан көрө аны кытайды чаап ал деп тукургула, кытайды камап киргенде Жапак ичтен чыгып, Коңурбай сырттан кирип, ошондо гана Манасты жеңип аласыңар" дейт. Жапак ушуга көп көнө бербейт, арам оюн ичине катып, Байжигитке барып тоюңа кытайларды чакыр дейт. Байжигит көнбөйт. Таарынып калган Жапак өзү тойго келгенде айылын башка жерге кондурат. Элге атырылат, Көкөтөйдү урушат, атасына тил тийгизгени үчүн Бокмурундун камчысын да жейт, дале болбойт. Бул тууралуу Манас да угуп, Шыгай тууганымдын баласы Жапактын бул не кылганы деп, ага барууга бир ат минип жөнөгөндө бир нерседен шекшинген Каныкей аны курал-жарагы менен камдап узатат. Чын эле жолдон Жапактын жигиттери капилет чыгып, Манаска ат коёт. Манас дале тууганына кол көтөргүсү келбейт. Ортодон Бакай аны коргоп чыгат. Жапактын бул кылыгы Көзкамандын чоң уулу, кыргыз зайыбынан туулган Көкчөкөз тууганга жакпайт да, ал Жапакты өлтүрөт. Ошондо да Манас кырк жигитин урушка салбай, Шыгайдын Жапагы баш болгон туугандарын урмат менен көмөт. Той токтобойт, ат чабышта Аккула эң алды болуп келет. Оюндар аяктап, ажыраш аяк бүтүп, Байжигит Алтайга, Манас Таласка көчүп кетет.
Манастын ууланышы. Көзкамандар ыктуу жер издеп Ат-Башыга кетпеди беле? Ал жерде сөздү аябай бышырып, Манасты өлтүрүүнүн ар кыл амалын издеп отуруп, акыры тамакка кошуп уу бермек болот. Кашкардан чачама, көбүрмө деген уу дарыларды алдырып, бозого, кымызга кошуп, кылдат даярдатат. Манасты ууландыруу үчүн атайын эшик-төрдү көрүп кетүүгө Таластан Ат-Башыга чакырат. Чеч-Дөбөнүн оюна Манаска жана кырк чорого кыркалакей боз үйлөрдү тиктирген экен. Үсөн тууганынын сыйын көрөт, жаңы туугандарга ыраазы болот Манас. Бир гана Алмамбет ичтен түпөйүл боло берет, баргысы келбейт, бирок туугандарды ажыратып коймок белем деп ойлоп, тим болот. Анан Манас Меңдибай деген көптү көргөн кишини буларга кошуп жибербеди беле, ал бир нерселерди шекшип калган белем, баатырдын жанынан карыш жылбай жүрчү, бирок бул жолу отко койгон аттарынан кабар алганы бара жаткан Тазбаймат жана Бозуул деген жан сакчы, ден сакчы жигиттерине этият болгула, берген тамагын ичпей эле койгула дейт. Жаш немелер эмеспи, Сыргак менен Серек аркар атып, кийик кууп кетет, Ат-Башынын аскаларын кыдырып. Эртеси күнү эми түштөнүп кетүүгө Көкчөкөз өзү чакырат. Мунун инилери баягы калмак катындан тарагандар да, Манас алардын калмакча кийимдерин чечтирип, кыргызча кийгизип койгонго кектенип калган эмес беле. Көкчөкөз өзү берет ууну кымызга кошуп, Манас баш болгон кыргыз жакшыларына, кырк жигитке аттантып чыгарарда. Уу чыланган кымызды шыпкап ичип алат баары, бир гана Тазбаймат менен Бозуул ичпей коёт, Серек менен Сыргак жок эле, аң уулап кетип. Манас ууланат, жата калат, тура калат, уу улам сиңип, алсырай баштайт. Мас болумуш болуп аттардын жанына барып жатып калган Бозуул акырын келип боз үйдү шыкаалап караса, кырк жигит кыйрап жатат. Манас ооналактап, бирде "Бакайлап", бирде "Карабөрктөп", кайра "Каныкейлеп", анан "Акылайлап" жардам сурап кыйкырат. Жалгыздыгын айтат, туяксыз өтүп арманда баратканын айтат, кырк жигиттин атын бүт айтып чыгат. Бир жеринде "ушундайда өткүрүм Бозуул болгондо эмне" деп жиберет. Ошондо "мени айтпай жатат" деп таарынып жаткан Бозуул ага жардам берүүгө ант берет. Мына өлтүрөбүз, ана өлтүрөбүз деп кылычтарын кынынан сууруп, жакын келип, бирок даай албай Көзкамандар айласы кетип, өз ара уруша да баштайт. Ошол кезде мындан пайдалана калган, уу ичпеген Бозуул баатырды алып Аккулага мингизип качышат. Артынан куугун түшөт. Көкчөкөз Манастын артынан жакын келип калат да, ошол кезде Арпаны аралай качкандар Сөөк деген жердеги тар кыяда жайлай түшкөндө баатырды Аккелте менен атат. Ок тийген Эр Манас эс-учун билбей жарадар арстандай күркүрөп, аскадан ат-маты менен кулап түшөт. Аны өлтүрдүм деген Көкчөкөз бир туугандарына мактанайын, Таласка жетип ордону ээлейин деп кайра артка тартат.
Көкчөкөздүн Таласка келиши. Манасты өлтүрдүм, эми анын элин чачайын, дүйнөсүн алайын деп Көкчөкөз баш болгон Көзкамандар дүрбөшүп, Таласты көздөй жүрөт. Бул ортодо ууланган кырк жигитке Кызыр келип, баарын учуруп Тогуз-Торонун Көңдүк тоосундагы Дөдөмөл деген жерге алып барып жашырат. Бир жылкычы бала кыйла нерсени көрүп турган экен, уудан келе жаткан Серек менен Сыргактын алдынан чыгып, Манасты ким кууп келгенин, ким атканын, кантип кулаганын айтып берет. Экөө Аккуланын изинен баатырды табат, дары ичирип, булактын суусун ичирип, чөп ичирип денесинен ууну бир аз айдайт. Бир асканын коңулунда Манасты эс алдырып, уусун тарата баштайт.
Каныкейдин түшү жана камы. Бул кырсык Каныкейдин түшүнө кирет. Баатыр эри ушундай бир калдайып келе жатса эле алдынан кочкор чыга калат да, сүзгүлөп кирет, анан Манас жамбашынан жараланып баса албай жатып кылат. Каныкей ага жардам берейин деп жөнөп калса алдынан бир адам чыгып, "азыр барууга болбойт, жети..." деп калганын айта электе чочуп ойгонот. Мындайы эмнеси дейт жаңы келин Каныкей чый-пыйы чыгып. "Жетиси" эмнеси деп Каныкей ой калчап, таба албайт. "Жети күнбү, жети айбы, жети жылбы?". Неси болсо да бир жамандык болгонун сезип, мурда ойлонуп, көрүп жүргөн бир үңкүргө болгон дүйнөсүн, баатырдын буюм-тайымын жашыртат. Үңкүрдүн оозун бекиттирип кете беришет. А ичинде Бакай калып калат.
Мазак болгон Мазаке. Көзкамандар элин баштап Таласка көчүп келет дедик. Анан кадимкидей жайгашат. Той кылып иет. Мазаке деген кишиси Манастын өлгөнүн айтып жар чакыртып, Көкчөкөздүн кан болгонун жарыялап жиберет. Манастын өлгөнүнө да, Көкчөкөздүн кан болгонуна да эл ишенбей ошол күндөн ушул күн "Мазаке кылбачы" деп келет. Ошол Мазаке менен Меңдибайды Каныкейге жиберет, мага аял болсун деп, ага көнбөй, көнмөк турсун жуучуларын кууп ийген Манастын зайыбына күндүз кой, түнү короо кайтартып, тамак бердирбей коёт, энесин баш кылып туугандарын туш-тушка тентитет Көкчөкөз.
Манастын келиши, Көзкамандардын бири-бирин бычакташы. Манас деген Манас экен да, ууну да Манастай ичиптир. Тоо ичинен жолборс жолугуп, жолдош кылып ууну жок кылар жот деген дарысын берди, илбирс келип ини болуп, искеме деген дары чөптү эзип ичирди, аюу келип ага болду, ак дары деген тамыр казып берди. Мурдагыдай жакшы болуп Сыргак менен Серекти ээрчитип, кырк чорону тапты, аларды да айыктырды. Алар Таласка келгенде Көзкамандар Жети-Төрдүн оюнда Талды-Суунун боюнда бири-биринен талашып, Манастын каткандан калган мүлкүн бөлүшүп, аялдарын ээлеп, өздөрүнө энчилеп жаткан экен. Ошол кезде Манастын келе жатканын бир туугандарына кабарлап ийген Бегалдайды "бул мени шылдыңдап атат" деп Көкчөкөз бычак менен сайып салат, ага Чагалдай болушат, ошентип, бири-бири менен чабышып отуруп Көзкамандын балдары бирин-бири бычактап, бири-бирин чаап, баары өлүп тынат. Элде болсо "Көзкамандарча бычакташкан туугандар", "Көзкамандарча өлүм болду" дегендей накыл кептер калат...