Мамлекеттик дачада киши колдуу болгон. Султан Ибраимовдун сүрөттөгү ирмемдери

Быйыл көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 95 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздын камчыга сап уулунун сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Султан Ибраимов 1927-жылы 20-сентябрда Чүй районунун Алчалуу айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептеги кезинде согуш башталып, өзү теңдүүлөр менен таалада трактор айдап, колхоздо иштеп жетилген. Тынч жашоо кайтканда Фрунзедеги Гидромелиорация техникумуна тапшырып, аны 1949-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. 1952-54-жылдары Ташкенттеги Ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженердик институтунан билим алып кайткан соң Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Энергетика жана суу чарба институтунда иштей баштаган.
Султан Ибраимов 34 жашында Кыргыз ССРинин суу чарба жана мелиорация министри, Кыргызстан КП БКнын катчысы, Ош обкомунун 1-катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы кызматтарын аркалаган. Кыргыз Республикасынын Баатыры эмгек жолунда эки Ленин, Октябрь революциясы ордендери, медалдар менен сыйланган. Аткаминерди 1980-жылы 4-декабрда Ысык-Көлдүн жээгиндеги мамлекеттик дачада атып кетишкен.
1 / 15

Мамлекеттик ишмер аймактарга көп чыгып элеттиктерге абдан жакын болгон

2 / 15

Көрүнүктүү саясатчы жакындары, туугандары менен

3 / 15

Ибраимов өткөн кылымдын 50-жылдарынын соңунда Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетине чакыртылып республиканын чарбалык иштерине аралашкан

4 / 15

Исхак Раззаков аны 33 жашында Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы кылып бекиткен

5 / 15

Жүгөрү талаасында түшүмдүүлүктү текшерген өкмөт башчы

6 / 15

1968-78-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи катчысы болгон

7 / 15

Султан Ибраимов өлкө башында узак убакыт иштеген Турдакун Усубалиев менен маанилүү чечимдерди кабыл алган

8 / 15

Мамлекеттик ишмер эки жылдан ашык Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы болгон (1978-80)

9 / 15

Султан Ибраимов кыргыз элинин интеллигенциясы: Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Турдакун Усубалиев жана башкалар менен

10 / 15

Султан Ибраимов жубайы экөө эки уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн

11 / 15

Жөнөкөй, эл аралап жүргөн мамлекеттик ишмерди замандаштары, шакирттери азыркыга чейин эскерет

12 / 15

Республика аймагында ири гидроэлектр станциялардын курулушуна баш-көз болгон аткаминер

13 / 15

Ибраимов кыргыз элинин эсинде чынчыл, эмгекчил, иштин майын чыгара жасаган инсан катары калган

14 / 15

Ал союз маалында бир топ курулуштардын башында турган. Арасында Токтогул ГЭСи, суу сактагычтар бар.

15 / 15

Султан Ибраимовго 2019-жылы (каза болгондон кийин) "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Баатыры 53 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Тема боюнча:
Өмүрүн, жаштыгын мекенге арнаган. Вице-адмирал Темировдун сүрөттөгү ирмемдери
25 жыл министр болуп интернат, санаторий, оорукана курган Батыш Салиева. Сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери