БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Түрк мамлекеттер уюму өлкөлөрү бирдиктүү алфавит түзүү маселесин талкуулап жатат. Бул тууралуу Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик агенттиги маалымдады.
Бирдиктүү тил процессин тездетүү жана түрк мамлекеттерин жалпы алфавитке өткөрүү үчүн комиссия түзүлгөнү белгиленген. Анын курамына түрк мамлекеттеринин тил саясаты менен алектенген расмий структураларынан экиден мүчө кирет.
Комиссия бирдиктүү алфавит тууралуу докладды уюмдун Аксакалдар кеңешине киргизет. Анын биринчи жыйыны Кыргызстанда өтөрү жана датасы такталып жатканы айтылды.
Түрк мамлекеттери уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан кирет, Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу өлкө катары турушат. Мүчө мамлекеттерде Кыргызстандан башкасы латын алфавитин колдонот.