Депутаттар түштөн кийин келбей коюп, жыйын өтпөй калды

Кворум үчүн кеминде 45 эл өкүлү каттоодон өтүшү шарт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кворум чогулбай Жогорку Кеңештин түштөн кийинки жыйыны өтпөй калды.
Эл өкүлдөрү саат 13:00дө түшкү тыныгууга чыккан, график боюнча кайра саат 14:00дө келишмек.
Бирок кворум болбой вице-спикер Жамиля Исаева кайра 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялады. Андан кийин дагы келишкен жок, каттоодон 40 гана депутат өттү. Мындан улам Исаева бүгүнкү жыйынды өткөрбөй турганын айтып, коштошту.
Регламент боюнча, кворум түзүү үчүн кеминде 45 эл өкүлү каттоодон өтүшү шарт. Мунун айынан күн тартибинде турган беш мыйзам долбоору каралбай калды.
Парламенттин жыйыны бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү палатасынын мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимовдин 70 жылдык мааракеси менен башталган. Андан соң ар кандай маселелер каралды.
Шарапаткан Мажитова депутаттык комиссия түзүп Кемпир-Абадга барууну сунуштады