Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселесин ЖК комитети эртең карайт

Буга чейин президент Садыр Жапаров ЖК комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жыйын мурда пландалгандай жабык эмес, ачык караларын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Эртең Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибинде кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация маселеси каралат. Бул тууралуу ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.
Маселе ЖКнын Эл аралык байланыштар, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынынын алкагында каралат.
Жыйын эртең саат 11:00гө коюлган.
Буга чейин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде ЖК комитетинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жыйын мурда пландалгандай жабык эмес, ачык караларын билдирген.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктун жаңыртып, кайра ачышты. Сүрөт