Чек ара кызматы бөлүктөрдө тамак-аш тартыштыгы тууралуу маалыматты четке какты

Кыргыз-тажик чек ара заставаларында узак мөөнөткө сакталуучу азык-түлүктүн келерки жайга чейин жетери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Чек ара бөлүктөрүндө материалдык ресурстар менен тамак-аштын жетишсиздиги тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
"8-октябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы бөлүктөр жана өткөрүү пунктулары нормага ылайык бардык түрдөгү материалдар менен 100 пайыз камсыз болгон", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалым болгондой, Баткен облусу боюнча Чек ара кызматынын өздүк курамы кийим-кече (кышкы жана жайкы кийимдер) жана жеке коргонуу каражаттары менен толук камсыздалган.
"Кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чек ара заставаларында 2023-жылдын июнь айына чейин узак мөөнөткө сакталган тамак-аш азыктары сатып алынат. Тез бузулуучу азык-түлүктүн запасы үч айда бир жолу толукталат", — дешти УКМКдан.
Ведомство жетекчиси чек ара бөлүктөрүнүн кышка даярдыгын текшерүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" пунктун жаңыртып, кайра ачышты. Сүрөт