РФ Экономика министрлиги: Кыргызстанда миграция боюнча борбор ачылат

Министрдин орун басары мындай борбор Өзбекстанда бар экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда эмиграцияга чейинки даярдык борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Sputnik радиосуна РФтин экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач билдирди.
Ал Ош шаарында Россия-кыргыз инвестициялык форумуна катышкан.
Аткаминердин айтымында, Россияда стратегиялык демилгелер деңгээлинде федералдык долбоорлор иштелип чыгып, эмгек мигранттарын колдоонун жаңы чаралары киргизилүүдө. Анда ыңгайлуу жана туруктуу иштөө шарттарын түзүү каралган.
"Коюлган тапшырмалардын бири — Кыргызстанда эмиграцияга чейинки даярдык борборун түзүү. Өзбекстанга дагы ушундай борбор ачканбыз. Ал кандай иштей турганын көрөбүз, себеби ага укуктук-ченемдик база зарыл, уюштуруу маселелери боюнча да көп нерсени чечиш керек. Бул моделди Кыргызстанда ишке ашыра алабыз деп ойлойм, анан калса суроо-талап да бар", — деди Вольвач.
Ошондой эле ал 2018-2022-жылдар аралыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияга барган эмгек мигранттарынын ичинен кыргызстандыктар 43,5тен 56,5 пайызга чейин көбөйгөнүн белгиледи.
Кыргызстан менен Россиянын экономикалык долбоорлоруна кошумча каражат бөлүнөт