Ата мекендик жарандык авиацияга 89 жыл толду. Кызыктуу архивдик сүрөттөр

Бүгүн өлкөдө Жарандык авиация күнү белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал тармактагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Кыргызстанда 1933-жылы жарандык авиацияга жол салынып, Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому кабыл алынган. Ал жылы автономдук республикада айыл чарба багытында колдонулган үч эле учак болгон. Кийин ички каттамдардан Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск ачылып, эл аралык каттамдардын саны да арбыган.
1960-жылдарда Кыргыз ССРинде Ил-18 менен Ан-24 учактары пайдаланылып, ар бир облуста бирден аэропорт ишке берилген. Жарандык авиациянын учактары айыл чарба, саламаттык сактоо тармактарында, өзгөчө кырдаалда да кеңири колдонулган. Союз тарагандан кийин бул тармак жакшы өнүгө албай келет.
1 / 15

Ички жана эл аралык каттамдарда кызмат кылган учактар. Ош шаары, 1974-жыл

2 / 15

Жарандык авиациядагы Ил-18 учагынын учкучу Бакиш Баялинов. Фрунзе шаары, 1973-жыл

3 / 15

Элет жерине жарандарды жеткирген учак, учуп-конуу тилкесинин жанында байланган аттар

4 / 15

"Манас" аэропортундагы учактар. 1978-жыл

5 / 15

Жайлоого учуп келген тик учак, ага суктанган балдар жана жамбаштап жаткан малчы

6 / 15

Фрунзедеги аэропортто токтогон легендарлуу ТУ-154 учактары

7 / 15

Союз маалында тик учактар жарандык авиацияда кеңири колдонулган

8 / 15

Кубанган жүргүнчүлөр, аларга кызмат көрсөткөн чырайлуу стюардесса

9 / 15

Тоолуу аймакка жардамга учуп келген санитардык авиация. 1970-жыл

10 / 15

Жарандык авиациянын кызматкерлери иш маалында

11 / 15

Бейтапты учак менен ооруканага ташыган ак халатчандар

12 / 15

Учкуч менен чабандын кубанычтуу жүз көрүшүүсү

13 / 15

Жарандык авиация өлкө экономикасына жакшы эле таасир этет

14 / 15

Фрунзе шаарындагы эски аэропорттун короосундагы учактар, учкучтар

15 / 15

Азыр ата мекендик жарандык авиация миңдеген жарандарга кызмат көрсөтүп келет

Тема боюнча:
Өмүрүн, жаштыгын мекенге арнаган. Вице-адмирал Темировдун сүрөттөгү ирмемдери
Арактан ара жолдо калып... Океевдин "Улан" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери