Кийинки жылы Кыргызстанда баа дагы 7,5%га өсөрү айтылды

Бюджеттин долбоорунда бир нече жылга божомол камтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. 2023-жылы Кыргызстанда инфляция 7,5 пайызга жетет. Мындай божомол 2023-2025-жылдарга карата бюджеттин долбоорунда келтирилди.
Бул баа болжол менен 7,5 пайызга өсөрүн түшүндүрөт. Башкача айтканда, январда кайсы бир товар же азык 100 сом болсо, жыл аягына чейин наркы 107,5 сомго чейин жогорулайт.
Инфляция боюнча алдын ала маалымат:
2022-жыл — 15,3 пайыз;
2023-жыл — 7,5 пайыз;
2024-жыл — 5,6 пайыз;
2025-жыл — 4,9 пайыз.
10 эсе көп. 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 75 млрд. сом керектелет