Арактан ара жолдо калып... Океевдин "Улан" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер

Мындан 45 жыл мурун белгилүү кинорежиссёр Төлөмүш Океев "Улан" тасмасын көрүүчүлөрдүн назарына тартуулаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев өз эмгегинде ичкиликке берилип үй-бүлөсү, жумушунан айрылып, соңунда түрмөгө камалган Азаттын тагдырын көрсөткөн. Кинофильмдин көпчүлүк бөлүгү көл жээгинде тартылган. Анда башкы ролду Сүймөнкул Чокморов менен Наталья Аринбасарова аткарып, Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Жамал Сейдакматова, Асанбек Умуралиев да катышкан.
"Уланды" кино сүйүүчүлөр жакшы кабыл алып, тасма бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Алсак, 1978-жылы Еревандагы Бүткүл союздук XI кинофестивалда Төлөмүш Океев мыкты режиссёрдук иши жана Сүймөнкүл Чокморов эркектин ролун өтөсүнө чыгара аткаргандыгы үчүн сыйлыкка ээ болушкан. Андан сырткары, Ташкенттеги V Азия, Африка, Латын Америка өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалында ошол эле номинацияларды жеңген.
1 / 16

Башкы каарман Азаттын ролун аткарган Сүймөнкул Чокморов менен режиссёр Төлөмүш Океев. Иш учуру

2 / 16

Актёрлорду камерага түшүргөн киночулар, автоунаага жүктөлгөн техника

3 / 16

Эл оозуна алынып, кадыр-барктуу жүргөн Азат (Сүймөнкул Чокморов)

4 / 16

Белгилүү киноактриса, СССРдин эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова менен залкар режиссёр, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев. Ысык-Көл облусу, 1977-жыл

5 / 16

Ал фильмде Советбек Жумадылов, Асанкул Куттубаев, Геннадий Базаров, Жамал Сейдакматова, Асанбек Умуралиев да роль жараткан

6 / 16

"Уланда" Наталья Аринбасарова башкы каармандын жубайынын ролун ойногон

7 / 16

Арак ичип татыктуу жумушунан, үй-бүлөсүнөн, досторунан ажырап ара жолдо калган Азат

8 / 16

Чокморов башкы каарман Азаттын, Сейдакматова анын көңүлдөшү Фатиманын образында

9 / 16

Сүймөнкул Чокморов менен Төлөмүш Океев кезектеги эпизодго ресторандын ичинде даярданууда. Экөө көптөгөн кинокартиналарда иштешкен жана жакшы мамиледе болгон

10 / 16

СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Наталья Аринбасарова менен Кыргыз ССРинин эл артисти, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев. Кинофильмде Аринбасарова башкы каарман Гүлсаранын ролун жаратып, таланттуу Кыдыралиев операторлук кызматта болгон.

11 / 16

Мүрзөдө тартылган эпизоддордун кадр артындагы көрүнүшү

12 / 16

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев менен актёр Вацлав Дворжецкий кино тартуу маалында

13 / 16

Ызгаарлуу декабрь айы. Тон кийген белгилүү режиссёр, чылым тиштеген Аринбасарова жана киночулар. Рыбачье (азыркы Балыкчы) шаары, 1977-жыл

14 / 16

Коомдогу аракечтик маселесин көтөргөн кинокартина кийин бир топ эл аралык сыйлыктарды багындырган

15 / 16

Соң-Көл жайлоосунда башкы каарман Азаттын балалыгын эскерүүсүн тартуу учуру

16 / 16

"Уланды" жараткандар. Биринчи катарда оңдон солду көздөй турган "Улан" тасмасынын директору Валерий Скрыльников, экинчи режиссёр Константин Орозалиев, сүрөтчү-коюучу Совет Агоян, оператор Кадыржан Кыдыралиев, Кыргыз ССРинин Кинематография мамлекеттик комитетинин төрагасы Марклен Баялинов, жазуучу Чыңгыз Айтматов, актриса Гүлсара Ажыбекова, режиссёр Төлөмүш Океев турат. Ал эки экинчи катарда оңдон солду карай отурган драматург Эркин Борбиев, актёр Советбек Жумадылов жана Сүймөнкул Чокморов.

Тема боюнча:
Эмгектери дүйнө кезген. Гапар Айтиевдин сүрөттө калган элеси
25 жыл министр болуп интернат, санаторий, оорукана курган Батыш Салиева. Сүрөттөрү
Эл эмгектен эскерсин. Мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеевдин сүрөттөгү ирмемдери
Киношедеврлерди жараткан Төлөмүш Океев. Режиссердун сүрөттөгү ирмемдери