Күн жылыйт. Бир аптага карата Талас облусундагы аба ырайы

Жуманын аягында күндүн табы 20 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Ага ылайык, дүйшөмбүдө күндүн табы 16 градуска гана жетсе, ишембиде 20 градуска чейин көтөрүлөт.
2-октябрда тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
3-5-октябрь күндөрү айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
6-7-октябрда тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бирок дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Жуманын соңунда, 8-октябрда, жаан-чачын күтүлбөйт.
Күн жылып баштайт. Келерки жумага карата Чүй облусундагы аба ырайы