Садыр Жапаров Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолукту. Козголгон маселелер

Си Цзиньпин кытай тарап Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө башчылар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров кыргыз-кытай мамилесинин мындан ары өнүгүүсү маанилүү экенин белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон эч нерсе жок экенин айткан. Ал кыргыз тарап Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолун куруу долбоорун тездетүүгө кызыкдар экенин да билдирген.
"ШКУ саммитинин алкагында долбоор боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Бул кытай, кыргыз жана өзбек тараптарынын мындан аркы аракеттери үчүн маанилүү негиз болуп каларына ишенем. Документ Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын жолду куруудагы ниеттеринин биримдигин бекемдейт", — деди Жапаров.
Мамлекет башчы Кытай лидерин Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган. Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаров менен ушул жылдын февралында болгон жолугушуу жемиштүү болгонуна токтолгон.
"Сиз өлкө башчы катары реформаларды жүргүзүү жана Кыргызстан элинин бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жатасыз. Бул аракетиңиз элиңизде колдоо тапты. Сиз жетекчи болуп турганда Кыргызстан өнүгөт деп ишенем", — деген Кытай төрагасы.
Ал Кытай Кыргызстандын реформаларды жүргүзүү боюнча аракеттерин колдой турганын да белгилеген. Си Цзиньпин кытай тарап Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирип, Өзбекстан — Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин айткан. Ал Садыр Жапаровдун Кыргызстанга чакыруусун кабыл алды. Качан келери дипломатиялык каналдар аркылуу такталат.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу боюнча макулдашууга кол коюлду