Бишкектен Дели шаарына учак каттай баштады. Графиги

Жаңы аба каттамдар бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Бишкектен Индиянын Дели шаарына туруктуу авиакаттамдар ачылганын "Манас" аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Бишкек — Дели — Бишкек багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ата мекендик Aero Nomad компаниясы ташый баштады.
Жаңы аба каттамдар жумасына эки жолу — бейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылары кошумчаланды.
Бишкектен Алматыга күн сайын уча турган жаңы авиакаттам ачылды