Көкчөнүн кутумчулардын тилине кирип Алмамбетке эрегиши. Улуу баяндан беш факт

"Манас" эпосуна кайрадан сүңгүп, бул ирет Алмамбет баатырдын казактардын ханы, Айдаркандын Көкчөсүнөн кантип кол үзүп кеткенин баяндайбыз.
Sputnik
Алмамбеттин кадыр-баркынын көтөрүлүшү. Алмамбет кытайлардан качып келип, казактардын арасында туруп калат. Тез эле оозго алынат, андай болушуна калмактардан улам-улам жылкы тийип келиши, маңгулдардан тез-тез мал айдап келиши, ошол айдап келгендерин, сүрүп келгендерин казактарга бөлүп бериши себеп болот. Казактар байып, ичкени кара чай, кийгени тубар шайы, уулаганы улар менен кийик. Элде күндө майрам, күндө той, бой жаштардын баары үйлүү, бала-чакалуу болуп, Алмамбетти алкап турушат. Алачтын балдары урушса да, талашса да, ууру кылса да, эриш бузса да, эрди-катын ажыраша турган болсо да – баарын Алмамбет жай-жайына коёт. Арыз айткан, муң айткан казактын баары Алмамбеттин алдында. Анын болсо айтканы – айткан, дегени – деген. Элди багып жатса, калыс сөздү айтса – кимге эле жакпасын. Күндөр күндү кубалап, Алмамбеттин бул элге келгенине да тогуз жылга аяк басат. Качкын Алмамбет эми хан Алмамбет аталат, даңкы улам таш жарат. Ошол бийиктөө, ошол зоболого ээ болуу Алмамбет үчүн жакшы болгону менен кимдир бирөөлөрдүн түн уйкусун бузат.
Алмамбетке карата кутумдуктун ойлонулушу. Казактардан төрөзаададан төртөө, бекзаададан бешөө бул кытай биздин Көкчөгө кайдан келип качан жолукту, ошол күндөн биздин кадыр пастады, бизден элдин көңүлү сууду деп күйпөлөктөдү күнүгө. Бул келгин кытай олуя болуп кетти, бийликтен бизди сүрүп салды деп үшкүрүнүшөт, ичтен күйүп-бышат. Ортого түшүп ар кимдерге орозгерибизди кылчу элек, кылмыш кылгандарды жазалап, кызыл чака пул алчу элек, ошолордун баары бизге кылчайбай Алмамбетти карай ооду дешет. Бу акмак калкты бузду, бул эл бузарга ошол элибизди берип салабызбы, калкыбызды алдырып коебузбу деп сарсаанага түшүшөт. Мурда Көкчө доо-соону силер бүтүргүлө дейт эле, бүтүрөр элек. Ошол Көкчө ханыбыз эр болгону менен көңдөй терек неме эле, "дүнүйөсүн жок кылса кенебеген неме эле", а катынына келгенде, ага бирөө караса кара башыл адамдын эсебин дароо берер эле деп кемчил жерин табышат, ошол кенемте мүнөзүнө жабышат. Алтымыш уруудан алтымыш кыйыны акылдашат, Алмамбетти катының менен жакын деп Эр Көкчөгө жамандашмак болот. Алар: Алымсейит, Дөөкүрү, Алым, Бообек, Найман, Айтак, Тынымсейит, Согорбай, алчындардын Бообеги, абактардын Шаабеги, кичи жүздүн Үмөтү, орто жүздүн Жанышы, байжигиттин Багышы, аргындардын Алымы, наймандардын Элими, коңураттын Селими, жагалбайдын Жанбайы. Булар ар түрдүү акыл айтат: биринин ою – Алмамбетти ары алып барып жайлап коюш, биринин ою – кайра келген жагына айдап ийиш. Талаш күчөйт, бири да бу кытайды эч ким жоктоп келбешин билсе да кимдир бирөөлөр келип калабы деп коркот, бири да ага бычак көтөрүп жекеме-жеке бара албашын билет. Баарынан да алтымыш адамды коркутканы Айдаркандын балдары – бу казактардын Алмамбет менен каралашып, кадырлашып алганы, Алмамбетсиз алардын "сие да албай калганы", кыздарынын күйөөгө тие да албай калганы.
Алоокенин Анжияндан кетиши, Алманбеттин жеринен качып чыгышы. Улуу баяндан 6 факт
Акеркеч. Айдаркан уулу Эр Көкчөнүн зайыбынын ысымы – Акеркеч. Ошол аял Алмамбетти ар качандан бир качан аземдеп күтүп, ага зыяпаттуу сый мамиле кылат. Ушуну көрө албайт кутумдар. Алар Көкчөгө келип бир күнү Алмамбеттин кытайдан азып келгенин, атасын союп качып келгенин, көп аскеринин канына тоюп келгенин айтмак болот, ушул качкын эми, Көкчө баатыр, сени өлтүрүп коёбу деп коркушарын билдирип, "атилес, тубар өөнү бар, Акеркечти алууга Алмамбет кулдун көөнү бар" дешмекке кеп бышырат. Ошондо Көкчө Алмамбеттен да, Акеркечтен да көңүлү калат, экөө казакка батып тура албайт дешип акыл бышырат. Мындай ойго Алымсейит сыяктуулар көнбөйт. Акылдашып, сөз түйүп, алтымыш күн өткөрөт. Акыры айтышат. Көкчө аялын аңдып калат, анын Алмамбет менен жакындыгын сынамак болуп кыйла жолу текшерип да көрөт. Айла кеткенде сен ушундай экенсиң деп аялына айтып салат. Ургаачынын тазасы, улуу журттун канышасы ошондо ачууланып, тилденип, "мени менен мындай деп, мерт кылганы жүргөн го Бээжинден келген жетимди" деп, "аны кой да, мени сой, өлүп калар бир катын, өксүбөсүн көп калкың", "Алмамбет турса колуңда, алтындан болор чарбагың, ааламды басар салмагың, Алмамбеттен айрылсаң, арылбай калар арманың" деп Алмамбет кетсе да, өлсө да өзүнүн өлүп каларын, Алмамбетсиз анын хандык доору бүтөрүн айтат. Акеркеч күйөөсүнүн бузукулардын тилине кирип калганын түшүнөт, көрө албай жүргөн көөсөрлөрдүн, жете албай жүргөн жезиттердин кебин ээрчип кеткенин аңдайт.
Көкчөнүн тууган-уругун кеңешке чакырышы. Бир жагында казактан алтымыш уруу башчылары, бир жагында алган жары Акеркеч, бир жагында Алмамбет туруп калган Эр Көкчө хан бир күнү Буудайбектин отоого казак жакшыларын чакырат. Отоого батпагандар сырттан шыкаалайт. Ошондо Көкчө ортого сөз таштайт, Алмамбет менен Акеркечтин арамдыгын айткыла дейт, эгер чын болсо, азыр кармап соёлук дейт. Алты жылдан бери айтып келген сөздөрүн арак менен бозого тойгон алтымыш адам бир-бирден чубап чыгат, экөөнү туш тараптан айыптайт күчалага мас болгондор тартынбай. Көкчө баатыр айылымда жүргөн арамдап, калкымда жүргөн караандап, тексиз кулду чакыргыла дейт, "Алмамбет кулду соёюн, Акеркечке бир далай азап салып коёюн" деп ызырынат. Токтор менен Чаян деген эки желдет Алмамбетти алып келүүгө, келери менен Калдарбек дегени как жүрөккө саюуга даярдалды. Алмамбет не болуп атканын боолголоп турган, жүрөгү жамандыктан туйлады. Бирок өзүн ойлобой душман кол салган экен да, казатка барат экенбиз да деген. Андай болбой Алмамбетти алып келишет, салам айтып кирип келет, отургандар апкаарып, баатырлары башын катат. Айтар сөздү Көкчө айтат, анын айтып атканын Алмамбет капарына да албайт, тамаша го деп жакшы деле түшүнбөйт. Анан тамаша эмес экенин туйган соң кандан тартпас Алмакең "көргөнүң болсо көзөп айт, көрө албасаң сен, Көкчө, көөсөрлүк сөздөн кайра кайт" деп ачууланат. Экөө катуу айтышат, алтымышы бысып калат, Көкчө болсо аларга карап айтпайбы, тентиген калмакты жолго салбайбы дейт, эч кимиси унчукпайт. Каалаганыңды алгын да кеткин дегенде Алмамбет каалаганы Көкчөнүн Көгала тулпары, көк күбө тону экенин айтат, ошолор менен сенин душманыңа бир тиейин дейт. Анда Көкчөнүн айткан сөзү: "Алмурут чыккан жерлерге ит мурун чыгат дечү эле, ит ичпей турган ашынан үмүт этет дечү эле, арстандын баскан жеринен аюу жойлоп турарбы". Анын бул сөзү Алмамбетти намыстантат, көзүнөн жалыны чыгат, "алмурут Көкчө сен болсоң, ит мурун жыгач мен болсом, мен да куруп калайын, ит Көкчө, сенден кем болсом, арстан Көкчөм, сен болсоң, лапшыйган аюу мен болсом, аныктап арбак урган го айбаным, сенден кем болсом" деп "катынсың", "каапырсың" деген сөздөрдү айтып иет. Алмамбетти кармоого бир дагы казак басып келбейт. Экөө шерттешип, кол алышып, Алмамбет Көкчөнүн колун тартып силкип ийгенде оң колу үзүлүп кетейин деп көк сүлөөсүн кундуз бөркү башынан ыргыйт. Алмамбет кылычын сууруп, ооздон түтүнүн буркуратып, көөрүктөн чыккан жалындай, көздөн отун шыркыратып турганда бирөө да даай албайт.
Манастын Ала-Тоо жерин көздөй көчүшү. Улуу баяндан жети факт
Алмамбеттин чечими. Бул казактардын аны туткун кылып өлтүрмөкчү болгонун түшүнөт Алмамбет. Итчилик кылса бу кылсын, азыр сабыр кылайын деп Кылжейрен деген атына жетти. Ошол кезде "дарайы көйнөк шоодурап, караса көзү жоодурап, булаңдай басып" Акеркеч ордодон чыга келди. Атага бала таарынчу беле, аталуу-бала урушат, агалуу-ини жулушат, ошого эле кетмек беле деп бир сапаркы ачууңду мага бер деп суранат Алмамбеттен. Муну угуп Алмамбет наалып өксөдү, ишенгеним Көкчөбү деп, аман болгун жеңе деп, асылы токто дебе деп кете берерде, Акеркеч наалып айтат кеп: "жарашып калган жериң жок, жакшы айтышкан эриң жок, же жайнаган кытай элиң жок, жалгыз кетүү эбиң жок, жээниң да жок, тайың жок, жердеп турар жайың жок, баш калкалаар байың жок, батып турар жайың жок, бөлөктү койдум бөлө жок, эңкейип кетсең жөлөк жок, кай жерде болор турагың". Муну угуп Алмамбет "курган кара башы, кургабай аккан жашы, жакындан чыккан касы, ыйлоодо жүргөн көзү, арманда айткан сөзү гана бар экенин айтып, батарына тоо да жок, барарына жер да жок, баш калкалар эл да жок" экенин билдирип, "текөөрү болот шумкардай, тегеренип учармын, терек көрсөм конормун, тербелбестен көтөрсө, ошого жолдош болормун, канаты күмүш ак туйгун, калкылдап кайып учармын, кайыптуу жерге узаармын, кайыңды көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун" деп айтканда аргасы түгөнгөн Акеркеч "аяш, сиз кайда кетсеңиз да көк жал төрө Манасты айланып өтүп кетпеңиз" дейт. Анын тоодон улук иш кылсаң да ашырбашын, төрүнө өтсөң жектебесин, кейишке салсаң кектебесин айтып, кадырыңды ошол билет дейт. Алмамбет Манаска барууга да көнбөйт, Көкчөдөн көргөн күнүм бул, көсөмгө кантип барамын, өлөңдүү жерге өрт койгон, көсөлгө кантип барамын деп тайсалдайт. Ошондо акылман аял Акеркеч анда мен сени тузума коём, Манаска бар, аны Көкчөгө теңебе деп катуу туруп талап кылат. Анда Алмамбет Манасыңызга тийсе тийип өтөйүн деп көңүлсүз сүйлөп тим болот. Кыйла жерге барып Көкчөнүн мастыгы тараса кечирим сурап келер деп жаңгактуу черди үч күн байырлайт, жегени балтыркан ышкын болот. Жоктоп эч ким келбеген соң "батарыма жерим жок, барарыма элим жок" деп атына камчы басат...
Ата-бабалар жери Анжиянды Алооке кандан бошотуу. Улуу баяндан 8 факт