Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина МАГАТЭ миссиясынын ЗАЭСке киришин каалабагандыктан аткылап жатат. Видео

Украина аскерлери аткылап, атомдук электр станциянын аймагында террордук акт кылууну каалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрү МАГАТЭ миссиясынын станцияга келип, алардын тынымсыз ок жаадыргандыгын көрүшүнө мүмкүнчүлүк бербөө максатында Запорожье АЭСин аткылап жатат. Бул туурасында RT ресурсуна Энергодар шаарынын аскердик-администрация жетекчиси Александр Волга айтып берген.
Ал радиациялык фон кадимки калыбында тургандыгын билдирди.
"Алар (Украина тарап – ред.) чатырын аткылап, атомдук электр станциянын аймагында террордук акт кылууну каалашкан. Андай болгондо радиациялык фондун кесепети аймак эле эмес, Европа жакка да тарамак. Энергодар аймагына, андан сырткары, ЗАЭСке түздөн-түз сокку уруу боюнча бардык фактылар документтештирилди. Бул бизге келе турган МАГАТЭ миссиясына сөзсүз көрсөтүлөт. Украинанын Куралдуу күчтөрү менен украин саясатчылары дал ушундан коркуп жатышат", — деген Волга.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киевдин огунан ЗАЭСтеги күйүүчү май сакталган жайдын чатыры тешилди. Сүрөт