Алоокенин Анжияндан кетиши, Алманбеттин жеринен качып чыгышы. Улуу баяндан 6 факт

Манас дүйнөсү боюнча окурмандарга айтып берүүбүздү улантабыз. Өткөнкү баяныбызда Шоорук хандын жаңылып-жазып, анысын жууш үчүн Манас баатырга кызын тартуу кылганын айтып бергенбиз.
Sputnik
Анжияндагы абал. Анжияндагы Алооке хандын артынан эле Шоорук ханга согуш ачып, аны талкалап жеңип жүргөндө бул жакта Манастын эли-журту ээсиз калды. Көчүп кетемин деп жанын араң алып калган Алооке көчсөмбү же көчпөй эле койсомбу деп экиленип турду. Өрүш толуп мал, өбөктөгөн чал, өңкөй зайып жан калган жерге дагы дале кызыккандар көз артып жөн койбойт. Алоокенин Коң төрө деген баласы он үчкө чыкканда Кытайдын Бээжин деген шаарына кеткен эле. Беш жыл жакын тууганыныныкында жүрүп, кытайдын не бир илим сырларын үйрөнүп, он сегизге толгондо атасына, Анжиянга келе жаткан. Ошол кезде Анжиянда кыргыздан корккон Алооке араба менен былкылдатып, кербен кылып чубатып, бул Анжиян менен Нааман кыргыздыкы болуп калды деп эки жарым айлык жолго элин көчүрүп жаткан. Он сегизде Коң төрө, Дуңша дегени Бээжинде, бул да чоң төрө экен, анын уулу Кур экен, Коңбай кызматында турат. Коң дегени өз аты, бай дегени – амалы менен кызматы. Жанагы Алооке Анжияндан көчүп чыгып, эки таш жерге жеткенде бир журтту байырлап конуп калат, ошол учурда аларга Коңбай менен Кур экөө келип жолугушат. Бириндеп көчкөн элин көрүп Коңбайы зээнин кейитет. Ананчы, Анжиянда "калган экен кытайдын карк алтын далай сарайы", "сайылган бойдон бак калып, курулган бойдон так калып, тигилген бойдон тал калып, салынган бойдон там калып, заңгыраптыр сарайы, сапырылып жатыптыр кытай, маңгул далайы". Муну ойлоп Коңбайдын ичи зилдейт, көрүнгөндүн баарын тилдейт.
Коңбайдын атасын урушканы, ага атасынын жообу. Беш жыл алыскы Бээжинге кетип көрүүгө зар болгон, сагынган баласына кучагын жайып чыккан ата-энеси баласына жакындайт, апасы уулун өпмөк болот. Ошол кезде Коңбай ата-энесин жанына жакын жолотпой колун силкип, апасына "мени өппөй өлүп кал" деп катуу кагат, атасына болсо "атаң тапкан Фергана кана, атпай кытай эл кана, наамандык бүтүн караган, тууңша кытай уругу Сун кытай кана, Манжурия, тыргооттун баарын кайда жоготтуң" деп ачуусу келип, ушул кыргыздан жеңилгенче аларга кыргын салбайт белең, "Кытайга элди сүйрөбөй кырылып неге калбайсың", "казакка каран салбайсың, каканга калкты сүргөнчө, кара жер кучуп калбайсың!" деп каарданып кирет. "Мен окууга кетпей мында турганда ушул кыргызга алдырмак белем, элимди Алтайга айдатат белем" деп Коңбайы буркан-шаркан түшүп жан адам менен сүйлөшпөйт. Анын бул абалын көрүп кытайлар башын жерге салат, атасы Алооке "кылайтпай кырып салгыдай" кыргыз оңой жоо эместигин, "касташканды соо койбос Манас арзан көрүнбөстүгүн айтат, буруттар өз жери Нааманды кайра бергин деп Алтайдан келгенин кеп кылат, "көтөрүлө сүйлөйсүң, көпкөн экенсиң", "кара күчкө, балам, эрсинбе, какан да мындан соо калбас" деп Манастын тээ Бээжин шаарына чейин кууп барарын айтат. Нааман менен Бээжин арасы алты айлык жол, Манас менен кармашам десең ошол Бээжинде даяр бол дейт күпүлдөгөн уулуна. "Түркстан бизге жер эмес, түмөн кытай эл эмес, сүрүшө кетсек бул жерде түгүңдү коёр неме эмес!" деп баласын алына карай ойноого чакырат. Бул Манаска атаң гана эмес, ажыдаар, кабылан, шер, бөрүсү да тийбегенин айтат. Ачуу менен уулуна "көсөл Манас бир барар, көрөмүн шондо күчүңдү" дейт. Ушундай дейт да Алооке хан жүк арткан токсон нарын, каралап жанында жүргөн жыйырма беш миң кишисин андан ары көчүүгө чакырды. Булардын жолунан кайтпасын, атасынын айткан сөзүн таң кала уккан Коң төрөнүн оозунан кеби түшүп, тили кыл жип менен байлангандай унчукпай калды. Болбой эле Алооке көчүп кетти. Алооке Манастан коркуп качып кеткен соң жердин баары бошоду. Төрт жарым айдан кийин жер ээси, эл ээси Манас өзү келди Шооруктун кызы Акылайын жанына алып, түмөн колу менен түрүлүп.
Ата-бабалар жери Анжиянды Алооке кандан бошотуу. Улуу баяндан 8 факт
Алмамбеттин жарык дүйнөгө келиши, хан болушу. Соорондук деген киши кытайдын чоң хандарынын бири, бүт кытай колунун аскер башчысы болуп, 54 жашка келгенче эркек балалуу боло албай кайгырып жүргөндө зайыбы Экзердин боюна бүтүп, эркек төрөйт. Балага ат коюуну эч бир жан мойнуна албай турганда бир думана пайда болуп, Алмамбет деген ысым берип кетиптир. Кийин билишсе, ал кыргыз думана экен. Алмамбет жаштайынан эле калыс, боорукер, акылман бала экен. Ал он төрткө келгенде атасынын ордуна такка отурат. Анын хандыгы улам кеңейип, даңазасы жогорулап, башка элдин башчылары да андан кеңеш сурап турат. Ошол кезде кытай хандарында аларга сырт жактардан конок келсе, анын урматына адамды курмандык чалуу адаттары бар экен, Алмамбет ошону тыят, өзүнүн келиш урматына бирөөлөрдү соймокчу болгондо аны токтотуп калат. Бүт кытайдын чоң ханы Эсенканга жаңыдан бой жеткен кыз балдар менен эркек балдарды өлтүрүп, алардын боорунан адамды жашартчу дары жасап беришчү экен, Алмамбет буга да каршы чыгат. Ушундай-ушундай салт бузарлыгынан улам ал Эсенкандын ордосу Чоң-Бээжин деген шаарга келгенде анын аярлары, даанышмандарды бул Алмамбет түбү бизге эл болбойт, ушундайда жайлап салалы дешет. Атасы Соорондукту бир чети сыйлап, бир чети андан коркуп бул ишти кийинкиге калтыралы дейт Эсенкан.
Алмамбеттин Көкчө менен көрүшү. Алмамбет ууда жүрсө арып-азган көп адам келе жатыптыр. Аларды сүрүштүрүп билсе, Анжиян деген жерден Манас деген кыргыздан куугун жеп келе жаткан Алоокенин эли экен. Ошерден Манас тууралуу угат. Угат да кызыгып калат. Алтайда жүргөн бир кишини көрүп, аны менен "кома" деп кытайча учурашса, ал киши түшүнбөйт да, "өзүң каапырсың, мага салам айтканды сага ким коюптур" деп оройлонуп коёт. Бул киши көрсө кадимки казак эри Көкчө баатыр экен. "Каапыр" эмне, "мусулман" эмне, акылы албаган Алмамбет алар тууралуу алдындагы кишиден сурап билет. Ошол айтылган пикирлерди муюп уккан Алмамбет мусулман болуу ниетине келет. Ал эле эмес, атасын да, энесин да мусулманчылыкты кабыл алгыла деп үгүттөгөндө, ачуусу келген атасы уулун карматып, өлтүртүп салмак болот, ошондо Алмамбет качып кетет. Жолунан Мурадил дегени чыгат, Жолой дегени чыгат, Коңурбай дегени тосот, Буданчан дегени кармамак болот, алардын бирөөнө да баш бербейт, өзү да жалгыздык кылып тигилерди жайлай албайт. Атасы Соорондукту тааныбай сайып, жарадар кылат. Ошентип куугундардан аман чыгып, Алмамбет убада кылган боюнча Көкчөгө келет. Өзү эле келбей олжого түшкөн жылкыларды айдап келет да, аларын элге таратып берет. Буга Көкчөнүн ичи тарый түшөт, элге бербей мага эле берсе болмок да дейт. Көкчөнүн зайыбы Акеркеч качып келген Алмамбетти зыяпаттап тосуп алып, жакшы кебин аябайт, анын үстү-башын каралайт. Эртеси казактын тыңчыкмалары ата-бала Айдаркан менен Көкчө бир бээ, беш-алты кой союп Алмамбеттин келгенине баш куттуктап коёлу деп жылкыларды аралап жүрсө, алты жүз жылкысынан бир бээнин курсагына кулун бүтүптүр, дагы бир бээси аябаган сүттү экен, жана бири кулунун жакшы багат, дагы бири уйдан жоош, дагы бири тулпар чалыш тууйт, ошентип алты жүздөн ылайыктуу союштук мал таба алышпайт. Сойбой койсок не болот деп хан Айдаркан, Эр Көкчө ойлоп көрөт, бирок элден намыс кылат. Не бир семиз жылкыдан бирөөнү тандап бере албайт, союшка колдору барбайт, көздөрү кыйбайт. Ошол кезде бээлер тебише кетип, куучук кула байталдын курсагы жарылып кетет да, жылкычы ошону сойгонго алып келет. Ошентип Алмамбеттин башы өлгөн жылкы менен куттукталат. Аны хан Айдаркендин айылынан Меңдигул дегендин үйүнө силер аз жансыңар, ушул силерге бала болуп берсин деп киргизип беришет.
Манас келет деп дүрбөлөңгө түшкөн Орго кан. Улуу баяндан 6 факт
Алмамбеттин жылкы айдап келиши. Арадан токсон күн өтөт. Алмамбет казактан токсон жигит алат да, токтобой жолго салат. 17 күн жол жүрүп, жол жүргөндө мол жүрүп, Манжуруя калмагынын айылына барат. Ал жерде он төрт байдын отуз миңче малы бар экен. Ошолорду айдай качат. Калмактар "ой-бойлоп", "чагалап", "көкөнөлөп" куугунга түштү. Куугандар менен беттешип Алмакең далайын аттан оодарат. Он үч күн кыргын болгондо калмактар кууганын токтотот. Отуз беш күн өткөрүп, ар-ар жерде жылкыларын токтотуп, чөптүү жерге оттотуп кеткен жерине эпсиз жылкы айдап келип түшөт. Келген малды казактан баары талап алат, эчтеке албай калдык дегени экиден жылкыга ээ болот. Жылкысы жок жайлоого көчө албаган кембагалдар Алмамбетти алкап жүрөт, мактап жүрөт, даңктап жүрөт.
Экинчи жолу жортуулга барганы. Алмамбет дагы бир күнү кытайдан алар энчим бар, калмак менен маңгулда ала албай жүргөн кегим бар деп элге кайрылып, жалпы казактан эки миң жасоол жигит алып, Эртишти бойлой жөнөйт. Анан алар Көкө-Ноор көлүнөн өтөт, Көбү-Шаму чөлүнөн өтөт, маңгул, калмак аралаш, санам кытай элине жетет. Аларда жер жайнаган мал экен. Кокту-колоттордон жыйнап жыйырма миң жылкыны айдап жөнөйт. Кара малды сыйыр деп, арыбас малды төө деп, алардан он беш миң караны бөлөт. Дагы артынан куугун түшөт, куугун менен кармашып, ат үстүнөн жайлашып, тогуз жүз атын олжого түшүрөт. Анан ал "кайдасың менин казагым" деп Сары-Арка көздөй кайтат. Кынык алган хан Айдаркандын казактары малды талап бөлүшөт. Дагы качан барат деп Алмамбетти карашат. Ана-мына дегенче Алмамбеттин келгенине да арадан төрт жыл зымырап өтүп кетет...
Манастын Ала-Тоо жерин көздөй көчүшү. Улуу баяндан жети факт
Манастын Акунбешим менен Панус канды жеңиши. Улуу баяндан 6 факт