Өмүрүнүн көбүн өлкөнүн энергетика тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга арнаган ардагер энергетик менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маек курду.
— Маегибизди ата мекендик гидроэнергетиканын флагманы болгон Токтогул ГЭСинен баштасак, ири курулушка күндө канча адам жумушка чыкчу эле?
— Мен 1970-жылы Токтогул ГЭСи аяктап калганда курулуштун директору болуп баргам. Ал кезде бир ГЭСтин курулушу бүтүп, кайра кийинкисин баштачубуз. Токтогул ГЭСинин курулушуна бир күндө 2 500дөй адам чыгып, кумурскадай болуп эки сменде күнү-түнү кыш-жай дебей иштечү. Анткени бетон иштерин үзгүлтүккө учуратканга болбойт эле. Мен Кыргызстандагы ГЭСтердин курулушунда 25 жылдай иштедим. Күрп-Сайды бүтсөк, кайра Таш-Көмүрдө иш башталып калчу. Таш-Көмүрдөгү курулушту 50-60 пайызга жеткиргенде, Шамалды-Сай ГЭСинде иш жанданган. Ошон үчүн эс алганга убакыт жок болчу. Бир жолу бухгалтерим келип жети жылдан бери отпуск ала элек экенсиз деген. Көрсө, алдыга жаңы милдеттер коюлуп, кошумча агрегаттар ишке киргенде эс алууну унутуп калчу экенбиз. Өзүбүздү ойлочу эмеспиз, бир гана жумуш деп эле жүрчүбүз.
— Ошончо адам иштесе жумушка керектүү техника, жабдуу, тетиктер каяктан алып келинип турган?
— Каржылоо Москвадан болуп, жасалган иш алардын көзмөлүндө эле. Мисалы, мени "Нарын гидрокурулуш" ишканасына директор кылып дайындаганда СССРдин энергетика министри эмес, аталган министрликтин коллегиясы бекиткен. Ошончолук катуу көңүл бурушкан. Токтогул ГЭСине жыл сайын 25-30 миллион рубль жумшалчу. Ага СССРдин 22 ири заводунан оор техниканын түрү алып келинип, майда-барат тетик, жабдуулар менен 100дөн ашык ишкана камсыздачу. Агрегат, турбиналар Ленинграддан, генераторлор Новосибирск шаарынан буюртма менен жасалчу. Чоң трансформаторлор да Россиядан ташылып келчү. Мисалы, Камбар-Ата-2 ГЭСинин генератору менен трубинасын союз учурунда Ленинграддагы заводго буюртма бергенбиз. Кыргызстан көз карандысыз болгон жылдары иш токтоп калгандыктан 20 жылдан кийин гана алып келип орнотконбуз. Барсак заводдо ошол бойдон туруптур.
Болот Иманалиев: Токтогул ГЭСинин өзгөчөлүгү экономикалык эффективдүүлүгүндө. Анын аркасы менен Өзбекстан, Казакстандын айдоо аянттарына өз убагында тиешелүү деңгээлде суу жетчү.
— Ал жылдары республикада тиешелүү адистер жок болгондуктан башка союздук республикалардан жумушчулар келгенин билебиз. Кыргыз адистерин даярдоо аракеттери көрүлгөн беле?
— Курулушка зарыл болгон адистердин көбү Москвадан жана башка советтик шаарлардан келчү, катардагы жумушчулар кыргызстандыктар болчу. Кийин алар кете баштаганда Кара-Көл шаарында Политехникалык институттун филиалын ачып, энергетика факультетинде балдарды окута баштаганбыз. Алар Токтогул ГЭСи тарабынан каржыланып, окуудан кийин ошол жакта иштешчү. Эки жылда окуусун, ишин эптеп кеткен жаштарды борборго жиберип, стипендиясын төлөп берчүбүз. Жылына 16-18 бала диплом алып чыкчу. Ошентип акырындык менен кадр таңсыктыгын чечүүгө аракет болгон. Антпесек керектүү кадрлар аябай жетишсиз эле.
— Союз маалында "СССРде бир да айыл, үй жарыксыз калбасын" деп электрлештирүү жараяны катуу жүргөн да. Кезинде Кыргызстанда ошол ГЭСтер салынбай калганда абалыбыз кандай болмок деп ойлойсуз?
— Биздин бактыбызга өзүбүздүн гидроэлектр станцияларбыз курулуп, алыскы айыл-кыштактарга чейин электр энергиясы жеткирилген. Эгер алар салынбаганда азыркы жашообуз кандай болорун такыр элестете албайм. Коңшу өзбек, казак, тажиктерде мындай ири курулуштар болгон эмес. Алардын калк жашаган жарыгы жок аймактары аз эмес. Токтогул ГЭСин курганда айылдар, район борбору, аэропорт, кыш завод, оң миңдеген гектар айдоо жер суу алдында калган. Ага жазуучу Чыңгыз Айтматов баш болгон кыргыз интеллигенциясынын 12 өкүлү каршы чыккан. Ошол үчүн залкар жазуучу Токтогул ГЭСине бир да жолу басып келбей койгон. Калемгер бир катар ГЭСтер иштеп калганда Базар-Коргон районуна депутат болуп шайланып, ошол жакка жолугушууга келип калганын кесиптештер угуп калып, биз аны жолдон тосуп алып "Чыңгыз агай, биз сиздин Токтогул ГЭСинин курулушуна каршы болгонуңузду билебиз, бирок курулуп бүтүп толугу менен иштеп баштады, көрүп кетиңизчи" дегем. Айтматов макулдугун берип, баарын көрүп платинага чыкканда "Оо, Токтогул ГЭСи гигант турбайбы" деп айтканы эсимде. Залкар жазуучуну жакшы коноктоп узатканбыз.
Токтогул ГЭСинин өзгөчөлүгү экономикалык эффективдүүлүгүндө. Анын аркасы менен Өзбекстан, Казакстандын айдоо аянттарына өз убагында тиешелүү деңгээлде суу жетчү. Ошондуктан ал 60-70 пайыз кирешени коңшу республикалардан алчу. Себеби Советтер Союзуна азык-түлүк, пахта керек эле, ал үчүн Казакстан, Өзбекстанга сугат суу зарыл болчу. Калганы электр энергиядан түшчү. Мындайча айтканда, Кыргызстан өндүргөн электр энергиясына караганда суудан көп киреше тапчу.
— Билишибизче, союз маалында Нарын дарыясын бойлото эле 20дан ашык ГЭС куруу пландалган. Камбар-Ата-1-2 ГЭСтери боюнча сөз кыла кетсеңиз.
— Токтогул ГЭСинен кийин Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСин нөлдөн баштап ишке киргизгем. Андан соң Камбар-Ата-2 гидроэлектр станциясынын курулушун 40 пайызга жеткиргем. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыкканбыз. Союз тарап кеткенде көп иштер токтоп калды.
Ал эми Камбар-Ата-1 республикадагы эң чоң гидроэлектростанция болмок. Анын платинасынын бийиктиги 300 метрге жеткен, Москва менен акылдашып 292 метрге чейин түшүрмөкпүз. Антпесек Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинин сууга жакын жерлерин суу басып калмак. Кийин бүткөн ар бир ГЭСтен чыккан энергиянын 20 пайызын кийинки курулушка салалык деп демилгелегенбиз. Ал сунуш, эсептөөлөргө өкмөттөн эч ким көңүл бурбай, жооп да бербей койгон. Учурунда колдоо тапканда далай курулушту бүтүрүп коймокпуз.
— Көкөмерен, Сары-Жаз, Ат-Башы, Чаткал, Казарман дарыяларында ири курулуштар пландалган болуш керек...
— Ооба. Ысык-Көлдөгү Сары-Жаз дарыясына ГЭСтер курулмак. Москвадан министрликтен чалып "сен Токтогул ГЭСтер каскадындагы Күрп-Сай ГЭСинин сметасынан Сары-Жазга бара турган илим-изилдөө экспедициясын каржылап бер" дешкен. Мен аларга акчасын төлөп берип, Москва, Ташкенттен 20га жакын адис келип Ысык-Көл облусуна барышкан. Алардын изилдөөсүнүн тыянагы боюнча Сары-Жаз дарыясына төрт ГЭС салынмак. Ал дарыя негизи коңшу Кытай мамлекетинин аймагына агып кетет. Ошол кезде анын 50 пайызын Кыргызстандын аймагына буруп алуу боюнча документке кол коюлган. Ал суу ресурстары суунун деңгээли түшүп бараткан Ысык-Көлгө бурулуп, калганы Түп, Чолпон-Ата аркылуу өтүп Чүй облусунун сугат аянттарына жетмек. Союз тарабаганда Камбар-Ата-1 он жылда курулуп бүтүп, Сары-Жаз ГЭСтери башталып калмак. Көкөмерен, Суусамыр сууларына да төрт-беш ГЭС куруу пландалган. Андан чыккан электр энергиясы менен ошол чөлкөмдөгү алюминий кени иштетилип, алюминий заводу ишке берилмек. Ал металл казан-аяктан баштап учак, машина курууга чейин кете берет да.
Энергетик Болот Иманалиев: Курулушка зарыл болгон адистердин көбү Москвадан жана башка советтик шаарлардан келчү, катардагы жумушчулар кыргызстандыктар болчу.
© Фото / пресс-служба НЭСК
— Ата мекендик энергетиканын аки-чүкүсүнө чейин билген адам катары айтсаңыз, азыр бул тармактын башындагылар эмнелерге көңүл буруусу керек?
— Гидроэнергетика өзүнө салынган акчаны тез актап, кирешеге чыгып экономиканы жакшы көтөрөт. Ошондуктан мурун токтоп калган долбоорлорду жандантуу зарыл. Мисалы, Токтогулда иштеп турганда облустук туризм бөлүмү менен кызматташып суу туризми боюнча долбоор иштеп чыкканбыз. Анда туристтерди чогултуп Үч-Коргон ГЭСинде сууга түшүртүп, балык алдырып, Таш-Көмүр ГЭСинде кайыктарга отургузуп, Күрп-Сайга алып келип жаткырып, андан ары Токтогул, Камбар-Ата-1-2 ГЭСтерин көрсөтүп Тогуз-Торого алып баруу каралган. Токтогул каскадынын аскаларында азыркыга чейин кийиктер чуркап жүрүшөт. Азыр деле көңүл буруп бирөө жолго салса жакшы болмок эле. Кезинде мен өзүмдүн сунуштарымды Акаевге да, Бакиевге да бердим, эч кимиси көңүл бурган жок.
Кыргызстан ошондой эле суу ресурстарынан сырткары шамалды пайдаланбай жатат. Бизде кокту-колоттор, бийик тоолор көп жана анын күчү суунукунан сегиз эсе жогору. Ага ГЭСтердикиндей чоң платина курбайсың, бир гана шамал орнотмолорун тургузуп энергияны ала бересиң. Бир шамал орнотмосу эле 20 миң киловаттка чейин энергия берет. Ошондой эле күндөн энергия алууну да жолго салсак жакшы болмок. Анткени бизде жыл бою күн тийип турат.
Тема боюнча: