Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду

Буга чейин ал кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин маалымдап, президенттин чечимин күтүп жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат.
Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон. Эки саясатчынын чатагынын төркүнүн биздин материалдан окуңуз.
14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.
16-августта кызматынан четтетилген министрдин жактоочусу ИИМ Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин кыскартканын билдирип, ал кайрадан cаламаттык сактоо министри болууга толук укуктуу экенин белгилеген. Көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр катары жумушка чыгууга даяр экенин маалымдап, президенттин чечимин күтүп жатканын кошумчалаган.
Иштеше албайм. Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу министр Касымбеков тууралуу