Мамыт Таштанов Көчмөндөр оюнун көрүү үчүн Оштон велосипед менен жөнөп кетти

Иш-чара быйыл Түркияда өтөт. Кыргызстандык ышкыбоз алты мамлекетти басып өтүүнү пландаштырып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ош шаарынын тургуну 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн велосипед менен жөнөп кетти. Спорт ышкыбозун узатуу иш-чарасы 5-августта болгонун калаа мэриясы билдирди.
1 / 2

Ош шаарынын тургуну 75 жаштагы Мамыт Таштанов Түркияга Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн велосипед менен жөнөп кетти

2 / 2

Таштановду борбордук аянттан президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар узатышкан

Таштановду борбордук аянттан президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардын вице-мэри Жасур Азимов, маданият жана искусство ишмерлери, мэриянын кызматкерлери, тургундар узатышкан.
Ош калаасынын тургуну Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Арменияны басып өтүп Түркияга жетмекчи. Иш-чаранын максаты түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо экени айтылды.
Мэриянын маалыматында Таштановго муниципалитет материалдык жардам көрсөткөнү белгиленген.
Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары быйыл күздө Түркиянын Бурса аймагындагы Изник шаарында сентябрдын аягында башталат.
Акылбек Жапаров менен Султан Раев Көчмөндөр оюндарына даярдыкты талкуулашты