Дөңгөлөгү жарылган. Көлдөгү үрөй учурган кырсыктан көз жумгандар — казак жарандары

Каргаша кечээ күндүз катталган. Эс алуучулар Көлдөн Чүйгө келе жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан көз жумгандар — Казакстандын жарандары. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Окуя Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда катталган. Анда эки жүргүнчү мүрт кетип, экөө ооруканага жеткирилгени айтылган.
ЖКККББ каза болгондордун Кара-Балтада туугандары бар экенин айтты. Алар үч автоунаа менен чогуу Ысык-Көлгө эс алганы барышкан.
Көлдө эс алып, кайра Чүй облусуна ээрчишип келе жатканда үч автоунаанын ортосундагы Opel үлгүсүндөгү машинанын дөңгөлөгү жарылып кеткен. Мындан улам айдоочу рулду башкара албай, автоунаа аласалып кеткен деп күбөлөр билдирди. Кырсыктаган көлүктө жети адам болгон.
Буга чейин айдоочу рулду башкара албай калып, башка машина менен кагышканы айтылган.
Казакстан: кыргызстандык айдоочу катышкан жол кырсыктан алты адам каза болду