Подмосковьедеги ири өрт: бир киши көз жумуп, 13 адам жабыркады

Өрт Ozon компаниясынын кампасынан чыккан. РФтин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Москва облусуна караштуу Истринский районунда жайгашкан Ozon (интернет-дүкөн) компаниясынын кампасынан чыккан ири өрттөн бир киши көз жумуп, 13 адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости ыкчам кызматтарга шилтеме берип жазды.
Ишканадан миңдей кызматкер сыртка чыгарылган. Бир киши дайынсыз болууда.
Интернет-магазиндеги өрттү өчүрүүгө үч тик учак тартылган, күйгөн жердин аянты 50 миң чарчы метрди түзөт. Ошондой эле атайын техника, өрт өчүрүүчү поезд иштеп жатат.
Азырынча өрттүн эки себеби айтылууда. Кампага өрт коюшкан же электр зымдары тийишип кеткен деген версия бар.
Подмосковьенин губернатору Андрей Воробьев өрт имараттан күйүүчү материалдар сакталган жайга чейин жетиши мүмкүндүгүн айткан.
Кампадагы товарлар маркетплейстен алып салынды. Кардарларга акчасы кайтарылып, ал эми сатуучуларга компенсация төлөнмөй болгон.
Мындан сырткары, Россиянын Тергөө кызматы тарабынан компанияга коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү фактысы менен кылмыш иши козголгону маалым болду.
Подмосковьедеги Ozon компаниясынын кампасынан ири өрт чыкты. Видео