Кыргызгидромет 6-августка чейин Таласта аба ырайы кандай болорун айтты

Тоолуу аймактарга жаан жааганы менен өрөөндөрдө абанын температурасы 32 градуска чейин ысык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бул аптада Таласта өткөн жумаларга салыштырмалуу күн салкындап, күндүз кээ бир жерлерине жамгыр жаашы ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет агенттиги таратты.
Ага ылайык, 1-августтан 6-августка чейин күндүз тоолуу райондордо жана айрым өрөөндөрдө жаан жаашы күтүлүүдө. Түнкүсүн жамгыр жаабайт. 6-августта күн ачык болору божомолдонду. Апта ичи Таласта күндүн табы 30...32 градус болушу ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
6-августка чейин Чүйдөгү аба ырайына божомол