УКМК Баткенде мыйзамсыз лотерея өткөргөндөрдү аныктады

Маалым болгондой, белектерди уюштуруучулар даярдаган адамдар гана утуп, бирок аларды колуна алышкан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече жылдан бери "Баткен лотереясы" деп аталган мыйзамсыз лотереялык оюн өткөрүлүп келгенин УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, лотерея Баткенде уюштурулуп келген. Анда бир билеттин баасы 2 000 сомдон 3 000 сомго чейин болгон.
"Бир эле турда 2 800 билет сатылып турган. Лотереяда автоунаалар, кыймылсыз мүлк да ойнотулган. Мыйзамсыз аракеттерден түшкөн жүгүртүүнүн болжолдуу суммасы 70 миллион сомго жакын", — деп айтылат билдирмеде.
УКМК маалымдагандай, белектерди уюштуруучулар даярдаган адамдар утуп, бирок аларды колуна алышкан эмес. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
Адис алдамчылардын торуна илинип калбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтты