Манасты даңазалаган тасма. Мелис Убукеевдин акыркы чыгармасындагы ирмемдер

Мындан 27 жыл мурда белгилүү кинорежиссер, тарыхчы Мелис Убукеев "Манас ааламы" тасмасын тарткан. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган эмгектеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө карата КРдин эл артисти, кинорежиссер Мелис Убукеев "Манас ааламы" кинокартинасын тартып баштаган. Көркөм-публицистикалык эмгек кыргыз элинин баатырдык эпосунун негизинде жаралган. Ага Болот Бейшеналиев, Чоро Думанаев, Гүлнара Чокубаева, Эдил Чокубаев, Марат Жантелиев, Токон Дайырбеков, Асел Эшимбекова, манасчы Шабай Азизов катышкан.
Кинокартинага Тынай Ибрагимов оператор, жазуучу Чыңгыз Айтматов менен түрколог, тарыхчы Лев Гумилев башкы консультант болгон.
Эске сала кетсек, режиссер Мелис Убукеев эмгек жолунда "Манас" эпосуна көп кайрылган. Анын атасы Айткулу Убукеев манасчы Саякбай Каралаев менен жакшы мамиледе болгондуктан кино тармагына аралашкан кезинде эле эпосту толук кандуу көркөм тасма кылууга аракет кылган. 1966-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай", кийин жети бөлүктөн турган "Улуу манасчы", "Миң жылдыктын прологу" даректүү тасмаларын камерага түшүрүп, "Манас — кыргыздардын баатырдык эпосу" деп аталган китебин жазган.
1 / 14

Акылман Бакай баатырлар менен. Кинокартинанын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунда тартылган.

2 / 14

Жаңы төрөлгөн ымыркайга Манас ысымын ыйгаруу эпизоду

3 / 14

Ат минип алып чыгармачыл топко баш-көз болгон режиссер Мелис Убукеев

4 / 14

Суйкайган сулуулар жана Каныкейдин ролун аткарган Гүлнара Чокубаева

5 / 14

Узак сапарга чыккан жоокерлер. Ал кинокартинада кыргыз элинин басып өткөн жолу, тарыхы баяндалат.

6 / 14

Манас баатырдын ишеничтүү чоролорунун ролундагы Чоро Думанаев, Токон Дайырбеков кесиптештери менен

7 / 14

Жоокерлерди согушка узаткан кыз-келиндер. Фильмдеги бир эпизод.

8 / 14

Киночулар Манастын образын жүзүн көргөзбөй берген

9 / 14

Көркөм-публицистикалык эмгек кыска убакыт ичинде эле тартылып бүтүп, көп архивдик кадрлар колдонулган

10 / 14

Тасманын сценарийинде атка минген энеден туума жылаңач жети сулуу Ысык-Көлдөн чыга келген жери бар. Ал үчүн киночулар аттарды жылкы заводдон айдатып келип, кыздарга мингизген.

11 / 14

Согушка аттанган жоокерлер. Кинофильм "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата тартылган.

12 / 14

Салгылашууда көз жумган Манасты жоктоп кара кийип, кан жуткан аялдар

13 / 14

Режиссёр Мелис Убукеев менен залкар актёр Болот Бейшеналиев

14 / 14

"Манас ааламы" Убукеевдин акыркы эмгеги болгон. Киночу кийинки жылы 27-июлда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

По теме:
Өзгөчө образ, ай чырайлуу сулуулар. Дүйнөлүк көчмөндөр модасынан 16 сүрөт
Каркырада... Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жайлоодогу сүрөтү
33 жашта СССРдин эл артисти болгон. Абдылас Малдыбаевдин сүрөттөрү
Алтын казынада 600дөй чыгармасы бар. Айтылуу Кайыргүл Сартбаеванын сүрөттөрү
Кино үчүн жаралган талант. Залкар актёр Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү